Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

ЧЕХИЯГА ЖӨНӨТҮЛЧҮ КАРАМАЙ КӨЛӨМҮН ОРУСИЯ ЭКИ ЭСЕГЕ АЗАЙТТЫ


Муса Мураталиев, Москва Өткөн аптанын этегинде Орусия АКШнын Батыш Европада ракетадан коргонуу системасын курууга каршы чара көрүү аракетин жасаган. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров, “Ирандык ракетадан коркунуч болот деген пикир калп, ошол себептен Чекияга ракетадан коргонуу системасын куруу жана Польша жерине ракеталарды атып түшүрүүчү куралды орнотууну актай турган эч кандай себеп жок”,- деген. Өткөн аптанын этегинде Москва эч кандай эскертүүсү жок эле Чехияга жөнөтүлүүчү мунайдын көлөмүн эки эсеге кыскартып салган. Так ошол күндөрү Чехия өз жерине абадан болуучу чабуулга каршы системаны орнотуу үчүн АКШ менен келишим түзүп, кол коюшкан эле.

Чехияга америкалык ракетадан коргонуу системасын жайгаштуруу туурасында макулдашууга ушул айдын жакасында, Прага калаасында жетишилип, келишимге Чехия тараптан тышкы иштер министри Карел Шварценберг жана Кошмо Штаттар тараптан мамкатчы Кондолиза Райс кол коюшкан.

Буга дейре дайын болгондой, Вашингтондун түшүндүрүүсүндө кокус Иран абадан кол салып калса, андан батыш өлкөлөрүн коргоого Чехия жана Польша жерлеринде курулуучу ракетаны атып түшүрүүчү куралдар кепилдик берет. Москванын эсебинде болсо Европада орнотулчу система Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат. Ошол себептен Прагада кол коюлганын укканда, Чоң сегиздин саммитинде жүргөн жеринен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев андай кабарды ачуу сөздөр менен кабылдаган:

- Бизге бул жагымсыз. Албетте, биз ушундай болуп калды деп эле эми долуланбайбыз, бирок, ага жооп болуучу кадамдар туурасында ойлонобуз.

Анын аралыгында, 8-июль күнү, Ирандын (КСИР) Ислам революциясын коргоочулар корпусу алыска тийүүчү тогуз «Шихаб-3» ракетабызды сыноодон өткөрдүк деп жарыя кыллды. Арадан бир күн өтпөй израилдик эксперттер асманга төрт эле ракета учуп чыкканын жазып чыгышты. Асманга коё берилген ракеталар ыраактыгы 2 миң чакырымга чейин уча алат жана ал Тел-Авивге гана эмес Европа, Орусиянын түштүгүнө дейре жетет деп айтышты.

Ошол эле күнү Кошмо Штаттар коргоо министри Роберт Гейтс мындай деген:

- Мен, бул сыноодон өткөрүлгөн ракеталар, орустар айтып келаткан, Ирандын чукулку он-жыйырма жыл ичи алыска тийүүчү ракета курууга мүмкүнчүлүгү жок деген оюн жалганга чыгарды дейм. Ошондуктан Европанын коопсуздугу үчүн курулуп аткан авадан болуучу чабуулдан коргонуу системанын керек экенин бул сыноонун өткөн ракеталар айтып турат.

Ал арада америкалык радар орнотулуп аткан Чехияга демейде жүктөлүп келаткан карамайдын көлөмү капилеттен эле эки эсеге азайтылган. Ал туурасында «Коммерсант» басылмасы, «орусиялык карамай америкалык радар курулганы жаткан жерди айланып өтмөк болду»,- деп жазат.

Серепчилер бул жерде орусиялык бийлик үчүн көндүм болуп калган, карамай чоргоосун жаап, кысым көргөзүү болуп жатат дешет. Чех басылмалары жазганга караганда, үстүдөгү июль ай үчүн алынуучу орусиялык 500 миң тонна нефтинин ордуна Прагага 300 миң тонна гана мунай келет экен. Чехиянын өнөр-жай жана соода министри Мартин Ржиман мындай саясатты баланын оюну менен салыштырды.

XS
SM
MD
LG