Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

16:20 Бишкек райондор аралык соту Кумтөр алтын кени боюнча арызды кароодо


Сот Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун Кумтөр алтын кени боюнча өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын кароону бүгүн түштөн кийин карап баштады. Буга чейин бир канча жолу артка жылдырып келген бул иш каралып башталганда “Камеко”, “Центерра голд инк” компанияларынын жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү сотко үч өтүнүч менен кайрылышты. Аларда Кубанычбек Исабеков парламенттин атынан сотко кайрылууга укугу жоктугу, келишимде Кумтөргө байланышкан арыздар эл аралык соттордо гана каралаары белгиленгени айтылып, ушул себептерден улам арызды кароону токтотуу өтүнүлгөн. Сот болсо бул арызды Кыргызстандын соттору кароого укугу бар экенин, Кубанычбек Исабековдун парламент атынан кайрылган-кайрылбаганын тактоо үчүн Жогорку Кеңешке суроо жиберилерин билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG