Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Аба ырайы


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 16-июлда Кыргызстандын кээ бир аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен желаргы жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31 градус.
Баткен аймагында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33 градус.
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34 градус.
Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25 градус.
Бишкекте өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +29…+31 градус болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

XS
SM
MD
LG