Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫНА ЧЕКТӨӨЛӨР КАЧАН ТОКТОЙТ?


Электр кубатына чектөөлөрдүн күтүүсүздөн киргизилиши Ош облусунда жана шаарында социалдык жарылууну шарттап жаткан чак. Жарандар убадасына турбаган өкмөттү сындап, атүгүл Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков отставкага кеткени оң деп эсептешет. Ал эми бийлик муну аргасыз кадам катары түшүндүрүүдө.

"Кескин түрдө электр энергияны үнөмдүү колдонууга өтүшүбүз керек. Үнөмдөөнү 1-августтан баштап кайра киргизебиз, бүт республика боюнча." "Азаттыкка" курган маегинде Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков ушундай деп электр кубатына чектөөлөр 1-августтан баштап кайрадан киргизилерин билдирген эле. Ош облусунда жана шаарында өткөн аптанын акырынан бери электр энергиясы эскертүүсүз өчүрүлүүдө.

- Өзгөндө мурун электр жарыгын график менен өчүрсө, азыр эч бир графиги жок өчүрө беришет. 1-августка чейин электр жарыгын өчүрбөйбүз дешкен. Ага жетпей эле өчүрүп жатышпайбы. Мен ойлойм министрге бир жаза бериш керек,- дейт Өзгөн районунун тургуну Эрнис Толтоев.

Ушуга улай Каракулжа районунун жашоочусу Керим Калыкулов мамлекеттик пландоонун жоктугу энергетикалык кризиске кептегендигин эске салып, суунун чет жакага сатылып жаткандыгын айтып, ага аралашкан адамдарды чыккынчы катары баалады:

- Мамлекетте кандайдыр бир пландоо болуш керек. Суунун көлөмүн текшерип, ал канча убакытка чейин жетет деген. Сууну сатып жатат деген пикирлер элдин арасында арбын эле айтылып жатат. Бул элине кылган чыккынчылык катары бааласа болот. Элге электр энергиясы жетпей жатса сууну башка жакка сатканы туура эмес.

Ош шаарындагы «ЭлУк» бейөкмөт уюмунун лидери Басира Сулайманова президент мындай баш аламандыкка карата токтоосуз чараларды көрбөсө, эл көтөрүлөт деп кабатырланды:

- Кыргызстанда баш аламандык болуп кетти. Муздаткычтагы азык-түлүктөр бузулуп кетип жатат. Муздаткычтар күйүп кетип жатат. Ага ким жооп берет. Президент билсе керек бирок унчукпай, билмексенге салып жатат. Мен керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча лидери катары элге айтайынчы шаар бүтүндөй көтөрүлүп чыгат.

Демекчи, аравандык Акан Чалыров кырдаалды турукташтыра албаган өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков гана эмес бүтүндөй Кыргыз өкмөтү отставкага кетип, иштин көзүн билгендер бийликке келген оң деп эсептейт:

- Өткөндө энергетиканын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков эфирден айткан августтун биринен баштап чектөө киргизебиз деп. Ага жетпей эле киргизип жиберди го. Балкыбеков бүтүндөй кыргыз элин алдап, электр жарыгын өчүрүп жаткандыгы үчүн токтоосуз түрдө отставкага кетиш керек эле. Чудиновго жана азыркы өкмөттүн мүчөлөрүнүн курамына элде эч бир ишенич калбай калды. Элди алдагандыгы үчүн толугу менен отставкага кетсе жарашат.

Ош шаарынын вице-мэри Мухидин Мамасадыков электр кубатына чектөөнү аргасыз кадам катары түшүндүрдү:

- Ырас, электр кубатына чектөө 1-августтан киргизилмек. Бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли түшүп кеткендигине байланыштуу өткөн аптадан жарыкты кайрадан өчүрө баштадык. Учурда керектөөчүлөрдүн санын такташтырып жатабыз. Ошондон кийин гана калкка кайрылуу жасамакчыбыз. Чектөөнү биз ойлоп тапкан жокпуз да, өкмөт аргасыздан ушундай чечимге келди.

XS
SM
MD
LG