Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

О.ДҮЙШЕЕВ: “КУМТӨР” ОЮНДАРЫНЫН АЙЫНАН КӨП КАРАЖАТ АЛА АЛБАЙ КАЛДЫК


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек “Кумтөр” алтын кени боюнча ишти кароону сот кечээ дагы артка жылдырды. “Кумтөрдүн” айланасындагы кырдаал тууралуу Тоо кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев "Азаттыкка" ой-пикирлерин билдирди.

- Орозбек мырза, мурдагы өкмөт башчы Атамбаевдин учурунда түзүлгөн комиссиянын ордуна “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзчү өкмөттүн жаңы комиссия түзүлбөдүбү. Мунун артында кайсы бир топтун кызыкчылыктары жокпу?

- “Кумтөр” маселеси боюнча көп түшүндүрдүк. Мына ушунчалык чыр-чатак менен келе жатат. Өткөн жылы А.Атамбаев жакшы маселе койгон болчу. Анткени, ал киши бул маселени чечиш үчүн бүт адистерден түзүлгөн атайын эксперттик комиссия түзгөн эле. Ага ар түрдүү адистер, мисалы, юристтер, өндүрүшчүлөр кошулган. Бул комиссия ачык иштеген. Каалагандар кошулуп келсин дегенбиз. Ошонун негизинде биз мурунку келе жаткан көптөгөн материалдардын бардыгын алып, ошонун негизинде жыйынтыкка келгенбиз. Жакшы сүйлөшүүгө бармайынча Кыргызстан үчүн эч пайда болбойт деген чечимге келгенбиз. Анын негизинде биздин комиссиянын чечимин чыгарып, келишимдин долбоорун бергенбиз.

Ал келишимдин негизинде Кыргызстан үчүн абдан көп пайдалуу маселелер чечилген. Айтып кетейин, биринчи, “Центерраны” түзгөндө биздин үлүшүбүз 52 пайызга жеткен. Салыштырмалуу айтып коеюн. Бүгүнкү күндө “Жерүй” алтынында биздин үлүшүбүз 40 эле пайыз. Талдыбулакта да 40 пайыз. Ал эми биздики 52 пайыз болуп жатпайбы. Бул “Кумтөрдүн” "Центеррада" дагы чет элдик эки келечектүү ишканалар кирип жатат. Демек, биз абдан чоң ийгиликке жетишкенбиз.

- Орозбек мырза, анда “Кумтөр” боюнча жаңы келишимдин маңызы эмнеде болуп жатат?

- Бүгүнкү күндө келишимдин жана алардын долбоорун уга элекмин. Менин оюмча майдаланып отурсак, “Кумтөрдү” үч-төрт жылдын ичинде иштен чыгарабыз. Андан пайда келеби, келбей калабы, бир кудай өзү билет. Ушундай ахыбалга жетип калышыбыз мүмкүн. Анткени, биздин эксперттик комиссия бардыгын изилдеп чыккан.

- Кубанычбек Исабеков козгоп жаткан маселелер эмне үчүн Атамбаевдин учурунда көтөрүлгөн эмес?

- Ал маселени биз айтканбыз. Биз өткөн иштерди соттошуп чече бергиле. Бүгүн калган ишти жолго салып коёлук, бизге пайдалуу болсун, анан калганын соттомок турсун эмне кылсаңар да өзүңөр билгиле дегенбиз. Эми биз муну жаңы чечимди ишке киргизип коюп, анан өткөндөгү каталыктарды изилдеп чечсек жакшы болмок. Бирок ага карабастан майдалап, эскилердин баарын жыйып, интрига кылгандын негизинде менин эсебим боюнча биз 600 миллиондон ашык активдерди жоготтук. Айтып коёюн, быйыл Ысык-Көл беш миллион доллар албай калат.

Салыктан да көп кетирип жатабыз. Кийинки эле төрт жылдын ичинде абдан көп капиталдык салымдарды кошкон экен. Быйыл 19 тонна алтын бермекпиз. Анын ордуна алты айдын ичинде 6 эле тонна болуптур. Демек, 11-12 тоннадан ашпайбыз.

Демек, “Кумтөрдүн” жоготууга негизделген өндүрүшү кетип бара жатат. Мунун бардыгы өндүрүштү түшүнбөгөн адамдардын, адистердин, туура эмес интриганын негизинде болуп жатат.

Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG