Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:52

Т.Мамашев: Көлдө туристтердин саны былтыркыдан кем болбойт


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Быйылкы туристтик сезон кандай болуп жатат? Бул жаатта Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашев "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.

- Быйыл көл жээгиндеги эс алуучу жайларга талаптар катуу коюлду эле. Учурда канча пансионат иш алып барууда, канчасы жабылды?

- Быйыл чындыгында президентибиздин тапшырмасы боюнча жана вице-премьер-министр Элмира Ибраимованын жетекчилиги менен ар бир ведомстволордон атайын комиссия түзүп, Ысык-Көлгө эки жолу барып келдик. Ажатканалары жок, санитардык нормаларга жооп бербеген пансионаттарды ишке киргизбөөгө жана уруксат бербөөгө жергиликтүү бийликтен суранып келгенбиз. Жакшынакай жоопкерчилик менен иштесе оңолот экен. Биздин койгон талаптардын бардыгын быйылкы жылы бардык пансионаттар толугу менен аткарды.

- Жалпы жонунан канча эс алуучу жай иш алып барууда?

- 184 пансионат.

- Эс алуу жайларына чет өлкөдөгүдөй жылдыздар да берилээри кабарланды эле. Бул маселе кандай чечилди?

- Быйылкы сезон учурунда борбордон бардык маданий, спорттук программалар, улуттук оюндар Ысык-Көл жергесине, туристтер эс алган жерлерге уюштуруу талап кылынган. Жакында, башкача айтканда алтынчы күнү улуттук оюндарды бизге келген конокторго тартуулап, бет ачарын өткөрүп келдик. Ар бир жумада ушундай оюн-зоок программалар өткөрүлүп турмакчы. Мен маданият министри Султан Раев менен сүйлөштүм. Болгон маданий программалардын бардыгын Ысык-Көлдө өткөрүүгө аракет жасап жатабыз.

- Турусбек мырза, жылдыздар берилдиби эс алуучу жайларга?

- Азырынча жылдыздар бериле элек. Комиссия учурда иштеп жатат. Кудай буюрса бул иштин аягына чыгабыз.

- Өткөндө бир маегибизде ажаткана маселеси чечилет деп билдирдиңиз эле, маселе чечилдиби?

- Кудайга шүгүр азыр түзүк. Комиссия барып келгенден кийин ар бир эс алуу жайларында стационардык ажатканаларды коюуну талап кылдык эле. Ал азыр чечиле баштады.

- Көлдө эс алууга баалар 80 пайызга чейин жогорулаганы айтылууда. Мындай жагдай азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу болуп жатабы же башка бир себептер барбы? Август айларында да баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүнбү?

- 80 пайыз эмес 20дан 30 пайызга чейин кымбаттады. Быйыл чындыгында азык-түлүктөрдүн кымбаттаганына байланыштуу анча-мынча баалар көтөрүлдү. Чындыгында азыр өлкөбүздө инфляция болуп жатпайбы. Жыл сайын эле өзгөрүүлөр болуп калбадыбы. Бирок, негизинен көлдө ар кандай талапка байланыштуу эс ала турган шарттардын бардыгы бар. Мисалы, 200 сомдон тарта 3000 сомго чейин бар.

- Быйыл туристтердин саны канча болоору күтүлүүдө?

- Божомолдорду алдын ала айтыш кыйын. Бирок былтыркыдан кем болбойт болушу керек. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнгө карата туристтердин келиши түзүк эле.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG