Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

ОБАМА ТЫШКЫ САЯСИЙ СТРАТЕГИЯСЫН АЧЫКТАДЫ


Европа менен Жакынкы Чыгышка сапарга чыгардан бир апта алдыда АКШ президенттигине талапкерлердин бири Барак Обама Вашингтондо тышкы саясаттын маселелерине арнап, атайын сөз сүйлөдү. Демократиялык партиянын өкүлү, эгер мамлекет башчылыгына шайланса, Ирактан америкалык аскерлерди он алты айда чыгарууну, көңүлдүн көбүн Ооганстанда "ал-Каида" менен Талибанга каршы күрөшкө бурууну, дипломатияга артыкчылык берүүнү, Кошмо Штаттардын дүйнө боюнча карым-катнашын кайра тикелөөнү убада кылды.

Президенттикке талапкер жана сенатор Барак Обаманын көз карашында, Ирактагы согуштун мөөнөтсүз уланышы Кошмо Штаттардын ресурсун коротууда, өлкөнү башка зарыл маселелерге көңүл буруудан алагды кылып жатат:

- Бул согуш бизди, биз туш келип жаткан коркунучтардын ар биринен жана кармап кала ала турган көп мүмкүнчүлүктөрдөн алагды кылууда. Согуш биздин коопсуздугубузду, дүйнөдөгү абалыбызды, армиябызды, экономикабызды алсыратууда жана 21-кылымдын көйгөйлөрүнө каршы турууга зарыл ресурстарыбызды азайтууда. Кандай чара болгондо да, Иракка бир максаттуу жана мөөнөтсүз көңүл буруубуз - Американы коопсуз сактоо үчүн ишенимдүү стратегия эмес.

Ага катар Барак Обама эгер президенттикке шайланып калса, тышкы саясатта кармануучу беш приоритетин атады:

- Менин стратегиям Американын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл беш максатка жетүүгө негизделет. Алар: Ирактагы согушту жоопкерчилик менен аяктоо, "ал-Каида" жана Талибан менен күрөштү аягына чыгаруу, өзөктүк куралдар жана материалдар террорчулар менен митаам мамлекеттердин колуна түшүп калуусуна жол бербөө, чыныгы энергетикалык коопсуздукка жетишүү, өнөктөштөр менен мамилени 21-кылымдын чакырыктарына жооп бергидей кылып кайра куруу.

Барак Обаманын ырастоосунда, эгер ал президенттикке шайланып калса, Ирактан америкалык аскерлерди он алты айдын аралыгында же 2010-жылдын жайына карата чыгарып кетет. Ал эми тескерисинче, Ооганстанга Талибан менен "ал-Каидага" каршы күрөштү күчөтүү үчүн кошумча эки бригада жоокер жөнөтүүгө даяр.

Обаманын айтымында, Пакистандын саясатын өзгөртпөй туруп, Ооганстанда ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Ал Пакистанга аскерий эмес жардамды үч эсе көбөйтүүнү убада кылды. Азыркы администрацияны жалгыз гана президент Первез Мушараф мене мамиле түзүүгө көңүл буруп келгени үчүн сынга алды.

Демократиялык партиянын өкүлү Иран өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербөө, ал президенттикке шайланган учурда да, АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн эң маанилүү милдет бойдон каларын кайталады. Бирок Тегеран менен түз сүйлөшүүнү жокко чыгарбасын дагы бир ирээт белгиледи:

-Акыр аягында баардык аракеттин чеги – ал Ирандын жүрүм –туруму өзгөрүүсүнө алып келер-келбеси. Ушундан улам биз өнөктөштөр менен биргеликте бул катаал сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз керек. Бүткүл таасирибизди колдонушубуз абзел, анын ичинде эгер биздин кызыкчылыктарды алдыга жылдырса, Ирандын ылайыктуу лидери менен мен тандаган убакта жана жерде жолугушам.

Башка маселелерден Демократиялык партиянын талапкери тышкы саясатка арналган сөзүндө АКШны мунайга көз карандылыктан кутултуп, жаңы технологияларды өнүктүрүү үчүн алдыдагы он жылда 150 миллиард доллар сарптоону убада кылды. Мунай баасын бүгүнкү күндүн дүйнөдөгү "эң коркунучтуу куралдарынын бири" деп атады.

Бул аралыкта Республикалык партиянын талапкери, сенатор Жон МакКейн Нью-Мексико штатында жакточулары алдында сүйлөгөн сөзүндө атаандашы Обаманын айрым ойлоруна каршы аргументтерин айтып чыкты. Жон МакКейндин ырастоосунда, учурунда Обама Иракта ийгилик жараткан стратегия - аскерлердин санын көбөйтүүгө каршы болгон. Өзү президенттикке келсе, ушундай эле тактиканы Ооганстанда да колдонот:

- Мен согуштарда кантип жеңүүгө болорун билем. Мен бул кантип ишке ашарын билем. Эгер президент болуп шайлансам, Ирактагыдай кеңири стратегия менен Ооганстандагы согуштун да жүрүшүн өгөртө алам. Мен муну кантип жасоону билем.

Барак Обама сыяктуу эле Жон МакКейн да Ооганстанга көбүрөөк көңүл бурууну убада кылды. МакКейндин айтымында, эгер ал президенттике келсе Ак үйдө Ооганстан боюнча кызмат орду киргизилет, Ооганстандагы америкалык командачылардын карамагына кошумча 15 миңге чейин жоокер жөнөтүлөт. Жон МакКейн ошондой эле Ооганстанга аскерий эмес жардамды күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG