Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

13:40 Хьюман Райтс Уотч кыргыз президентин митингдерди өткөрүү боюнча мыйзамга кол койбоого чакырды


Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Холи Картнер президент Курманбек Бакиевге ушундай чакырык менен кайрылды. Бүгүн таратылган маалыматта бул кайрылууда парламент кабыл алган тынч жыйындарды өткөрүү боюнча өзгөртүү жана толуктоо киргизген долбоорду кайра артка кайтаруу чакырыгы ташталганы айтылат. Аталган уюм бул мыйзам долбоору азыркы калыбында жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укуктарын чектээрин, ал өлкө баш мыйзамына да, эл аралык эрежелерге да каршы келээрин белгилейт. Ошондой эле кайрылууда бир гана депутат тарабынан иштелип чыккан мындай өзгөртүүлөр тиешелүү талкууларсыз эле парламентте жактырылганы белгиленет. Ушундай эле өтүнүч менен буга чейин президентке Акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган кыргызстандык бир катар укук коргоочулар да кайрылышкан.(SM)

XS
SM
MD
LG