Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

17:47 Бюджеттен бөлүнгөн каражат Нарын облусуна толук түшө элек


Мындай маалыматты бүгүн облуста өткөн коллегияда губернатор Өмүрбек Суваналиев билдирди. Жылдын жарымы өтсө да 73 миллион сомдон ашык сом облустагы бюджеттик мекемелерге түшө элек. Анын айынан кышка даярдык толук кандуу болбой жатат. Каржы министри бир дагы акимди, губернатордун орун басарын кабыл албайт. Буга чара көрүлөбү деген маанайда Суваналиев коллегияга катышкан биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиевге кайрылды. Андан сырткары коллегияда электр энергияга дебитордук карыз 310 миллион сомго жеткени белгилүү болду. Облуста 1-сентябрга чейин абоненттерди тактоо тапшырылды. Себеби, такталган эки райондо Ат-Башыда дебитордук карыз 55 миллион сом делсе, аныкталган соң 43 миллион 200 миң сом карыз жалган болуп чыкты. Ал эми Нарын шаары боюнча 81 миллион сом карыздын 67 миллион сому жалган экендиги аныкталган. (JI)

XS
SM
MD
LG