Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

07:55 Президент Курманбек Бакиев Москвага бир күндүк иш сапары менен барып келди


Өлкө башчысы Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы бир катар долбоорлор кандайча өнүгүп жатканын талкуулашып, жакында өтүүчү самиттин даярдыктары боюнча пикир алышты. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы салттуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү позитивдүү динамиканы белгилешти. Сүйлөшүү учурунда Курманбек Бакиев жана Дмитрий Медведев эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттарын жана мындан аркы перспективаларын талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG