Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Т.АБДЫКАДЫРОВ: “ЖЕРҮЙ” БОЮНЧА ЭКОЛОГИЯЛЫК КОРКУНУЧ БАР


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Таласта “Жерүй” алтын кенинин концепциясынын бет ачаары болду. Анткен менен жергиликтүү эл кенди иштетүүдө экологиялык нормалар эске алынбай жатканына нааразы болууда. Бул маселенин чоо-жайы тууралуу Талас айылдык жана райондук кеңешинин депутаты Токтогул Абдыкадыровду кепке тарттык.

- Токтогул мырза, Буга чейин да ишкана жетекчилигине бир топ дооматтар айтылып, нааразылыктар болуп келди эле. Учурда «Жерүй» алтын ишканасынын жаңыдан келген жетекчилигине карата да нааразылык болуп жаткан экен. Себептерине кененирээк токтоло кетсеңиз?

- Кечээ Талас облусунун губернаторунун катышуусунда жана Таластагы активдердин жалпы тургундарынын анча-мынча чакырылгандары менен азыркы “Жерүй” алтындын жетекчилигинин жер кенин иштетүү боюнча сунуштаган коомдук угуунун башы башталды. Башталганы менен элдин нааразычылыгын жаратууда. Уран калдыктарын сактоочу заводду курууга өзүнчө жер бөлүнүп берилген. Ал эми ишкана жетекчилиги аны курула турган Аалытур деген жерге курбай башка жерге курганы жатат. Аалытур деген жайлоо экологиялык эң коопсуз деп саналат, ал жайлоо 3500 бийиктикте турат. Мына ушундай жагдайлар азыркы учурдагы нааразычылыктын себептери болуп жатат. Алар курабыз деген жерден бардык булактар чыгат. Жакын жеринде көл бар. Изилдөөлөргө караганда, жарака бар деген маалыматтар бар. Экологиялык жаткан эң кооптуу жерге курулуп жаткандыктан эл нааразы болуп жатат.

- Куруу иштери башталдыбы?

- Курулуш иштери баштала элек. Бирок ага даярдык жүрүп, өткөндө азыркы “Жерүй” ишканасынын жетекчиси телевидениесинен жана басма сөздөн билдирүү жасагандан баштап нааразычылык күч алууда.

- Кечээ “Жерүй” кенинин концепциясынын бет ачаарына айрым бийликтин өкүлдөрү да катышканы маалымдалууда. Бул маселе боюнча аталган кендин жетекчилиги менен же бийлик өкүлдөру менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүңүздөрбү? Өзүңөрдүн дооматтарыңыздарды айттыңыздарбы?

- Дооматтарды айталы десек ал жерге айылдын тургундарына чакырылган бир- эки эле белгилүү гана депутаттарга сөз берилди. Жалпы келген коомчулукка сөз берилген жок. Ал жерде сүйлөгөндөрдүн бардыгы “Жерүй” алтын кенинде иштеп жаткан азыркы жетекчиликке жан тарткандар сүйлөштү.

- Токтогул мырза, азыр депутаттык жана өкмөттүк комиссия кен байлыктарына лицензиялардын берилишин текшерип жатышат. Бирок “Жерүй” лицензиясыз иштеп жатат деген маалыматтар түшүүдө. Бул боюнча сиздин маалыматыңыз жокпу?

- Ооба, бул боюнча менде маалымат бар. “Кыргызстандагы тоо кен байлыктарын иштетүүдөгү ачык айкындуулук” деген илим изилдөө институту бар. Ошол жерде төрт жылдан бери эмгектенип келе жатам. Биздин маалыматка караганда, булардын биринчи алган лицензиясынын мөөнөтү бүткөн. Экинчи лицензиясы 1- ноябрь 2008-жылы бүтөт. Булардын убадасы боюнча 2007-жылдын декабрь айында алтын бермек. Алтын бермек турсун булардын концепциясынын бет ачары жаңыдан гана болуп, кайсы жерге куруп, эмне иш кылаарын билбей жатат. “Кыргыз алтындын” жетекчилиги ачык тендер өткөрүп, компаниянын ишмердүүлүгүн токтотпосо мурдакы Таластагы абал кайталанганы турат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG