Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Женевада Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу талкуу болот


АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөшүүлөргө катышуусу – бул маселеде дүйнө коомчулугу бир пикирде болгонунан кабар берет. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс билдирди. Ишемби күнү Женевада өтө турган сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавьер Солана, Ирандын өкүлү Саид Жалили катышат. Франция АКШнын Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөшүүлөргө катышуусун кубаттады.

XS
SM
MD
LG