Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

ГЕРМАНИЯ АБХАЗ ЖАҢЖАЛЫН ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ ПЛАН СУНУШ КЫЛУУДА


Грузия жикчил аймагы катары эсептеген Абхазияга бүгүн немец тышкы иштер министри Франк Вальтер – Штайнмайер келет. Кечээ ал Тбилисиде жана Батумиде грузин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Германия грузин –абхаз жаңжаалын жөнгө салуу боюнча жаңы тынчтык планын сунуш кылып жатат. Немец дипломатиясынын башчысы Грузия менен катар иш сапары учурунда Абхазияны жана аны колдогон Орусияны жаңы планды кабыл алууга ынандыруу аракетин жасамакчы.

Германия абхаз чатагын жөнгө салуу боюнча БУУнун башкатчысынын достору деп аталган топто азыр төрагалык кылат. Ал топко Германиядан тышкары Британия, Франция, Орусия жана АКШ кирет. Немец тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер иш сапарынын максатын ошол топтун төрагасы катары өз өлкөсүнүн абхаз чатагын жөнгө салууга жардамдашуу милдетине байланыштырды. Тбилисиде грузиялык кесиптеши Ека Ткешелашвили менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында алып келген сунуштары тууралуу буларды айтты:

- Менимче жаатташкан тараптардын унчукпоону улантышы бир чечимге алып барары күмөн. Биз бул жымжырттыкты токтотуп, тараптардын тикелей диалогуна кайтышыбыз керек. Мен биз сунуш кылган план буга жардам берет деп үмүттөнөм. Биз макулдаштык, үч баскычтуу бул планга негизденип, кризистен чыгуунун жолун табышыбыз абзел. Силер Еврошаркеттен бекем колдоо аласыңар.

Германия сунуш кылган үч баскычтуу план эмнелерди камтыйт. Эл аралык жана коопсуздук иштери боюнча немец институтунун эксперти У. Хэлбах "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматына буларды билдирди:

- Биринчи баскыч ишеним орнотуу чараларын, тараптарды сүйлөшүү столуна алып келүүнү карайт. Экинчи баскычта экономика калыбына келиши керек. Чатактын өзү менен алектенүү жана Абхазиянын статусу жөнүндөгү маселеге кайрылуу үчүнчү баскычта гана барып көздөлөт.

Үч баскычтуу план ошондой эле Абхазиянын аймагына болжол менен 250 миңдей грузиялык качкынды кайтарууну да карайт. Расмий Тбилиси Германиянын аракеттерин кубаттоодо. Кийинки маселе - немец планын Абхазия жана аны колдогон Орусия кандай кабыл аларында. Франк –Вальтер Штайнмайер бүгүн абхаздардын жикчил өкмөтү менен сүйлөшүү өткөргөн соң Москвага да бармакчы.

Муну утурлай Интерфакс агенттиги абхаз президенти Сергей Багапштын "биз Абхазиянын саясий статусун кимдир бирөө менен талкуулоого ниеттенбейбиз" деген сөздөрүн таратты. Ал эми абхаз тышкы иштер министри Сергей Шамба үч баскычтуу пландын кээ бир бөлүктөрүн гана кабыл алууга болорун, алар 1990-жылдардагы согуш учурунда Абхазиядан качып кеткен грузиндердин 25 миңин, эгер алар аймактын алыскы түштүк бөлүгүнө барса гана, кайтарууга көнүшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул аралыкта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ Москвадагы пресс-конференцияда Батыш өлкөлөрүн Грузия менен Абхазия ортосунда күч колдонбоо жөнүндө келишим түзүлүүсүн качкындарды кайтаруу маселесине байланыштырып жатканы жатканы үчүн сынга алды:

- Кечээ бул иш – тараптардан күч колдонбоо жөнүндөгү келишимге тезинен кол коюуну талап кылуу биздин батыштык өнөктөштөр таптакыр баш тартканынан улам токтоп калды. Батыштык өнөктөштөр бул талапты качкындарды кайтаруу жөнүндөгү документке да кол коюу менен байланыштырышууда. Бул - азыркы баскычта такыр реалдуу эмес.

Грузия өз тарабынан күч колдонбоону карманарын. Бирок Абхазия менен мындай келишимге кол коюу иш жүзүндө анын көз карандысыздыгын тааныгандык болорун айтууда.

Грузия ошондой эле АКШнын колдоосунда КМШнын Абхазияда орусиялыктар басымдуулук кылган бейпилдик күчтөрү эл аралык полиция күчтөр менен толукталышына жетишүүгө аракеттенүүдө.

Расмий Тбилиси жакында Абхазияда жана анын айланасында орун алган жапдыруулар Орусиянын бул аймакты аннекциялап алуу планынын бир бөлүгү деп эсептейт. Москва тескерисинче Грузия Абхазияга каршы күч колдонууга камынууда деген көз карашта.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG