Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

18:15 Нарын шаарында “Адам укугу жана эркиндиги” аттуу республикалык конференция болуп өттү


Кыргыз республикасынын акыйкатчысы Турсунбек Акун мындай аймактагы алкактык жыйындар алгачкы жолу өткөрүлүп жаткандыгын, адам укуктары боюнча жагжайды жер-жерлерде жакындан таанышуу негизги максат экендигин билдирди. Конференциядан сөз алгандар негизинен өлкөдө адам укуктарын басмырлоого арбын учурап жаткандыктарын, тоо кен байлыктарын иштетүүдө жана чалгындоодо экологиялык бузулууларга жол берүүлөр жүрүп жаткандыгын белгилешти. Айтмакчы, конференцияны жыйынына мамлекеттик, жергиликтүү бийликтен бир дагы өкүл катышкан жок жана жыйын учурунда электр жарыгы бир курдай өчүп, жыйындын өтүшү мерчемдүү убакыт үзгүлтүккө учурады. Жыйындан кийин Чолпон Суракожоеванын “Турсунбек Акун баскан жол” аттуу китебинин бет ачар салтанаты болуп өттү. (KUs)

XS
SM
MD
LG