Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

07:11 Бүгүн түнү Токмокко кире бериш жерде автокырсыктан 10 адам каза болду


Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин бүгүн эртең менен “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, кырсык Бишкек-Торугарт жолунун 16 километринде Дунуларов көпүрөсүндө болду. Жүргүнчү автобус мерседес маркасындагы автоунаа менен сүзүшүп, автобус оодарырлып калган. Маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылган автобус эс алуучулар менен Чолпон-Ата шаарынан Казакстанга бараткан. Автобустун ичиндеги 53 адамдын тогузоо жана мерседес автомашинасынын айдоочусу кырсык болгон жерде каза болушкан. 30 адам жаракат алып, Токмоктун ооруканасына жеткирилди. Министрдин айтымында, автобустун ичиндеги адамдар Казакстандын жарандары , ал эми мерседес автомашинасынын айдоочусу Кыргызстандын жараны экени такталды.(MSu)

XS
SM
MD
LG