Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

09:57 Токмоктун жанындагы автокырсык боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу билдирген ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда 00 саат 15 минутада Бишкек-Торугарт автожолунун 64,5 чакырымында “СЕТРА” маркасындагы I 02-42 Z номурлуу автобустун айдоочусу Алмаз Абылаев саатына 150 чакырым ылдамдыкта баратып, Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында “Мерседес 220-Е” (B 18-63 X) жеңил автоунаасы менен кагылышкан. “Мерседестин” айдоочусу Токмок шаарынын тургуну Алмазбек Молдобеков кырсык болгон жерде каза болгон. Автобустагы 49 жүргүнчүнүн жетөө кырсык болгон жерде жан берген. Экөө Токмок аймактык ооруканасында каза болгон. Бул боюнча материал Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, кылмыш иши козголгон. Автокырсык болгон жерде Ички иштер министринин орун басарлары Т.Субанов, Д.Федоров баш болгон Облустук, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кызматкерлери болушту. Учурда каза болгондордун жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.(AJ)

XS
SM
MD
LG