Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Б.МАМБЕТОВ: СУУ АЗАЙЫП, ӨЗБЕКСТАН ӨЗ АЛДЫНЧА САЯСАТ ЖҮРГҮЗҮҮ ОЮ БАР


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Белгилүү болгондой 1-августтан тарта Кыргызстанда электр кубатын пайдаланууга дагы чектөөлөр киргизилиши кабарланууда. Бул арада күйүүчү майдын жана табийгый газдын баасы да кымбатташы күтүлүүдө. Ушул жаатта суу энергетика маселеси боюнча эксперт, “Кыргызстан мунай ташуучулар” бирикмесинин жетекчиси Базарбай Мамбетов “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Өткөн айларда Токтогул суу сактагычына жетиштүү суу топтолбогондугуна байланыштуу электр кубатына кайрадан чектөөлөр киргизилээри айтылууда. Мындай өчүрүүлөр кышка даярдык маселесине, дегеле суунун көлөмүн көбөйтүүгө канчалык жардам бере алат?

- Азыр Токтогул суу сактагычына 9 миллиардга жакын суунун көлөмү топтолуп калды. Кыштын башталышына карата биздин энергетиктер, суучулдар 12 миллиардды топтогонго аракет кылып жатышат. Бирок ылдыйкы жактагы кырдаал аябай кычагандыктан биздин өкмөт энергетика министрлиги жана казактарга июль айынан баштап 600 миллион куб. сууну берели деген сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, эң негизги электр энергияны биринчи жолу казактар иштеп чыккан электр энергиянын 1 кВат саатын 4,5 центтен сатып алабыз деген ойлорго, келишимдерге келишти. Мен муну туура деп ойлойм. Анткени биз мурда казактарга 1 центтен сатып жүргөнбүз.

Экинчиден, Нарын Сыр дарыясы бассейини жөнүндө айтпай башка жактагы Талас, Чүй, Каркыра, Исфара, Кара-Дарыя, Сары-Жаз суулары жөнүндө айтышыбыз керек. Себеби, быйыл жайында 1-апрелден баштап ушул убакка чейин тоодон түшүп жаткан суулардын көлөмдөрү 40 %тен 60 %ке чейин азайып келип, кыйын кырдаалды түзүп койду. Ушул кырдаалды биздин гидромет, суу чарба департаментинин адамдары ай сайын бир же эки жолу элдерге туура маалымат берип, ушундай болуп жатат, бул маселени саясатка айландыруунун кереги жок деп айткандын ордуна унчукпай жатып алышып, элдин ахыбалын байкабай жатабыз. Эмне дегенде биздин Кыргызстандан чыгып жаткан суулар азайып, 10 жылдын ичинде эки жолу кургакчылык болуп, суу аз келет экен.

Быйыл болсо төртүнчү жыл катары менен кургакчылык болуп, суулар азайып жатат. Бул циклдик кайталанып турган кырдаал. Мындай көрүнүш элүү жылда бир келчү нерсе экен. 4-5 жыл удаасы менен. Аны элдерге түшүндүрүп, айтышыбыз керек.

- Базарбай мырза, айрым талдоочулар Токтогул суу сактагычында суунун минтип азайып кетишине мурдагы жылдары Өзбекстан менен Казакстанга суунун ашыкча кетип калганын себеп болгонун айтып жатышат. Кыргызстандын суу энергетика саясаты боюнча эмне айта аласыз?

- Мен айтып жатпаймынбы. Мунун баарын саясатка айландырбашыбыз керек. Былтыркы болгон биздин кемчилигибиз, туура эмес болгон иштердин баардыгы тастыктап бүттү көрүнөт. Чынында эле биздин энергетиктер биздин 4 миллиард сууну Өзбектер менен Казактарга электр энергияны сатабыз, анан кошумча суу беребиз деп былтыр чыгарып жиберишкен. Аны өзүлөрү деле билишет. Аны ачык айтышты. Бирок, аны адеп эле жылдын аягына чейин эки жылда, үч жылда айта бергенде болбойт. Азыркы болуп жаткан кырдаалды биз кантип түздөшүбүз керек. Кыштан кантип кыштап чыгабыз деген акылга келип, баардыгыбыз отуруп сүйлөшүп, кандай саясат жүргүзсөк болот деген иштер менен иштешибиз керек.

- Өзбекстан Борбор Азиядагы суу энергетика маселелери боюнча төрт тараптуу келишимге барууну каалабай жатат. Аны себеби эмнеде?

- Биринчи себептери, төрт жылдан бери суунун аябай азайып кеткенинде. Мурда мындай проблема түзүлчү эмес да. Суу толугу менен же болбосо нормалдуу келип турганда төрт өлкө келип эле декабрь айында кол коюп, эмдиги жылы кандай сууну кое беребиз деген келишимдерге түз эле кол коюшчу. Быйыл болсо суу азайганга карата кошуна Өзбекстан Борбордук Азияда өзүнчө саясат кылайын деген ою бар. Себеби биздин Нарын, Токтогул суу сактагычынан чыккан суу биринчи өзбектер менен тажиктерге барып андан кийин эгерде өзбектер кое берсе, Чар-Дарак аркылуу Казакстанга барат да. Ошону биздин өзбек туугандар саясат кылып, үстөмдүк көргөзөбүз деген ойлору бар болуп жатпайбы. Ошону биз жакшы түшүнүшүбүз керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG