Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 15-июлдан 24-июлга чейин “Аймактык кызматташуу-2008” деген эл аралык машыгуу жүрөт. Бул Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен АКШнын Борбордук жетекчилигинин ортосундагы планга ылайык жүрүп туруучу көп улуттуу командалык-штабдык аскердик байланыш. Эл аралык компьютердик машыгууга Ооганстан, АКШ, Казакстан, Тажикстан жана Пакистан ислам республикасынын өкүлдөрү катышууда. Анда Аймактык координация борбору (АКБ)негизги окутуучу аудитория болуп эсептелет. Машыгуунун жүрүшүндө деструктивдик күчтөрдүн шартында жаратылыш кырсыктарынын натыйжасын жоюуга жардам көрсөтүү боюнча аймактык кызматташууга катышкан өлкөлөрдүн өз ара катнашынын суроолорун карап чыгуу, биргелешкен операцияларды даярдоо жана өткөзүү, АКБ жана анын функционалдуу топторунун түзүлүшүн өркүндөтүү пландаштырылууда. (AJ)