Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

“КЕРЕМЕТ ҮКӨК”: ЫСЫК-КӨЛДӨ КИНО МАЙРАМЫ


Эл аралык экинчи Ысык-Көл кинофестивалына бүгүнкү күндө дүйнөнүн отуз мамлекетинен тасмалар келип түштү. Аталган кинофестивалга карата даярдыктар кандай жүрүп жатат?

Учурда Эл аралык Экинчи Ысык-Көл кинофестивалына даярдыктар жүрүп жатат. Бирок Кыргызмамкиноконцерндин жоюлуп, Маданият министрлигинин курамына кирип жатканынан улам, фестивалды өткөрүү иш-чаралары бир аз кечигип жатат.

Антсе да фестивалдын конкурстук программасына дүйнөнүн отуз мамлекетинен тасмалар келип түштү деди Кыргызмамкиноконцерндин вице-президенти Абибилла Пазылов:

- Ысык-Көл кинофестивалына азыр Орусиядан, Франциядан, Ирандан, Украинадан, Азербайжандан, Казакстандан жана башка 30 дай өлкөдөн сынакка коюлчу тасмалар келип түштү.

Экинчи Ысык-Көл кинофестивалынын конкурстук программасына толук метраждуу көркөм фильмдер, кыска метраждуу көркөм тасмалар жана даректүү фильмдер болуп 3 номинация боюнча кабыл алынууда. Кыргыз тасмаларынан Ысыккөл фестивалынын сынагына азырынча 3 кыргыз фильминин катышары белгилүү болду.

Алар:

1.Кинорежиссер Асан Айтикеевдин “Той” кыска метраждуу фильми

2. Кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” толук метраждуу тасмасы

3. Немис-француз-кыргыз кинорежиссерлору биргеликте жараткан “Теңири” тасмасы


“Теңири” тууралуу кыргыз Кинематографисттер союзунун төрагасынын орунбасары Гүлбара Төлөмүшева мындай пикирин билдирди:

- “Теңири” кайсы бир деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” эске салат. Бирок окуя бүгүнкү күндүн маселесин чагылдырат.

Ал эми кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз багыт” тасмасы да – Кыргызстандагы бүгүнкү күн жана анын проблемалары тууралуу мындай дейт:

- Биздин бул “Белгисиз багыт” кинотасмабыз Кыргызстанда бүгүнкү демократиялык коомдо болуп жаткан замандын ыраң-оройун көрсөтөт.

Эл аралык Экинчи Ысыккөл фестивалынын күндөрүндө Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесинин урматына залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар да көрсөтүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG