Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

ЖОЛ АЧА БОЛСО КИМДИН БАШЫ МАҢ БОЛЧУ ЭЛЕ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек “Эркин тоо” гезити карыя журналист Козубек Төлөгөновдун “Дүйнөлөшүүбү же дүңүнөн ээрчүүбү?” деген көлөмдүү макаласын басып чыкты.

Автор макаласында дүйнөнү глобализация деген каптап келатканын, бул балакет алакандай кыргызды алеки заматта “ап” деп коет деп айгай салгандар күчөгөнүн, ааламдык мындай агым алмустактан бери эле эч качан токтобогонун, дүйнөлөшүү жолоюн үчкө бөлөрүн, биринчисин - күчтүүлөр жерди күч менен тартып аларынан, экинчисин - грант жер карыз бер коюп, байлыктын күчү менен капканга түшүрөрүнөн, үчүнчүсүн - каада-салттарды талкалоо жолу менен жандүйнөнү бийлээринен көрөрүн белгилеп, буларга далил келтирип, бүгүн Кыргызстанды күч менен да, байлык менен да тартып алам деген күчтөр толтура экендигин, ал эми жандүйнөнү ээлегиси келгендер ар кандай чабуулдарын ачык эле баштаганын, көчөлөрдө арапча, фарсча кийинген кыргыз жаштары, Батышча киндигин көрсөтүп жарым жылаңач жүргөн кыз-келиндер көбөйгөнүн, алтургай кыргыздар өзүңөрдүн нарк-насилиңрди таштап, араптардын дилине өткүлө деген чакырыктар ММКлар тарабынан ачык эле жазылып, айтылып киргенин, минтип олтурса кенедей кыргыз сууга аккан чамындыдай көрүнгөн жээкте калып, кургуйга түшүп жок болорун, ошондуктан ким эмне десе эле ошонукун эп көрө бербей, улутту кылымдап сактап келген каада-салтка бекем болуу маселесин көтөргөн.

Ушул эле гезитке берген интервьюсун Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев “Айылчарбасы - бүт Кыргызстанды бага турган тармак” деп атап, Кыргызстанда эч качан ачарчылык болбогонун, бирок кымбатчылык болорун, 400 миң гектардан 1 млн. тонна буудай алабыз деп турганын, жакында тендер аркылуу 52 млн. сомго мал дарылай турган вакцина сатылып алынганын, бул деген колдо болгон малдын 20 пайызын дарылоого жетерин, 100 пайыз дарылоо үчүн акча жоктугун, Таластын Кара Буура районунда эле 36 миң тонна төөбуурчак өндүрүлөрүн, түркиялык ишкерлер менен сүйлөшүп районго буурчакты кайра иштетүүчү завод курмакчы болушканын, түштүктө пахтадан жип ийрип, кездеме чыгарып, костюм, көйнөк тиге турган ишканалар куруларын, инвесторлор табылганын, ошону менен бирге эле Бишкектин жанына эларалык стандарттагы чоң эт комбинаты салынып, анын 7 дубанга 7 филиалы ачыларын айтып берген.

“Деги эле идея, идеология деген бизге эмне үчүн керек? Туруктуулукту сакташ үчүнбү? Же кайсы бир улуу максаттарга элди шыктандырыш үчүнбү? А биз 17 жылдан бери карай же Швейцария бололбай же дүйнөнүн жарымы сыйынган Мекке бололбай, көрүнгөндүн жылтыраган жерин сүзгүлөп келатабыз” деген саптар менен макаласын баштаган “МСН” гезити жогортон төмөн көздөй түшүрүлгөн идеялар эч качан коомчулуктан колдоо таппастыгын, мунун бир далили Акаев доорундагы “Манастын 7 осуяты” болгонун, андан кийинки бийлик төбөлдөрү “Биримдик аркылуу өнүгүү” дегенди алып чыгышканын белгилеп, “Ким ким менен биригиши керек эле? Же Ата Түрк паркын басып алып хансарай курган аткаминерлер менен өлбөстүн ашын ичип, көмбөстүн күнүн көрүп жашап аткан пенсионерлер биригиши керек беле?” деп суроо коюп, макала автору, жакында эле чет өлкөгө акча таап иштеш үчүн кетип бараткан жигит менен сүйлөшүп калганын, анан андан “эмне үчүн кетип атасың?” деп сураса, тигил жигит “Кыргызстан - менин Мекеним, бирок Кыргыз Республикасы менин мамлекетим эмес” деп жооп бергенин мисалга тарткан.

“МСН” гезити Американын “Манас” аэропортундагы авибазанын учактарынын жерге конор алдындагы абага чачкан майлары жаратылышка зыян келтирип келатканын, 2001–жылдан бери карай абага 345 тонна май чачылганын, ар бир чачылган май үчүн 60 миң сом компенсация төлөшү зырылдыгын, бирок америкалыктарга кине койгонго кыргыз өкмөтү алсыз экендигин, анткени эки тарап түзгөн келишимде авиабаздагы учуп-конгон самолеттр курчап турган чөйрөгө зыян келтирсе “зыян келтиргендиги үчүн тиешелүү өлчөмдө акча төлөп берет” деген сөздөр эч жеринде көрсөтүлбөгөндүгүн белгилеп, демек жок нерсеге сот да жок деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезитине өкмөткө караштуу туризм боюнча агенттиктин деректири Т. Мамашевдин “Кыргызстан туристтик державага айлануу жолунда”, Кыргызстандын Орусиядагы “Ала Тоо” фонд президенти З. Сариевдин “Кесибиң болбосо кең Россия боорун ачпайт” аттуу баарлашуулары жана өкмөткө караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Н. Аскаровдун жумушчу кеиспке ээ боло турган жаштарды даярдоо маселесине арналган интервьюсу жарык көрдү.

Гезит ошондой эле алгачкы жолу “Кыргыздын Гиннес китеби” жарык көргөнүн, аны акын жана журналист Ысмайыл Кадыров түзгөнүн, бул кубана турган факт экендигин, ошондуктан биринчи саамалыктын кемчилигин түздөп, кийинкисин каржылоону мамлекет өз мойнуна алса деген тилек менен айрым окурмандарынын ой-пикирин окурмандарына тартуу кылган.
XS
SM
MD
LG