Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

А.АЛЫМБЕК КЫЗЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫ МИГРАНТТАР БАГЫП ЖАТЫШАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Алдыда кабарларда айтылгандай Бишкекте бүгүн чет өлкөлөрдөгү кыргыз диспораларынын жыйыны башталганы турат. Аны “Замандаш” ассоциациясы уюштурууда. Ушул жыйындын тегерегиндеги айрым маселелер тууралуу аталган уюмдун координатору Айсулуу Алымбек кызы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Айсулуу айым, бүгүнку жыйындын максаты тууралуу айтып берсеңиз жана анда кандай маселелер каралат?

- Бүгүн “Замандаш” ассоциациясынын кезектеги жетинчи конференциясы өтөт. Бул конференцияга Орусиянын жыйырма жети шаарынан, Казакстандын алты шаарынан жана Италия, Германия, Түркия, Түштүк Корея жана Кытайдан биздин өкүлдөр катышат. Конференциянын темасы “Кыргызстандын социалдык жана экономикалык турмушундагы мигранттардын орду жана ролу”. Мурунку буга чейинки өткөн конференцияларда көбүнчө мигранттардын проблемалары каралган. Бүгүнкү конференциянын айырмасы, мигранттар өзүлөрүнүн проблемасын гана айтпастан биз аларга кандай жардам бере алабыз деген нукта болот. Бизде көп эле жарандар бар, мигранттар. Капитал топтогон, ал капиталын Кыргызстанга алып келүү максатында кандай инвестицияларды кылса болот деген маанайда болот.

- Демек, кыргыз мигранттары материалдык абалын оңдогон соң эми Кыргызстан тууралуу көбүрөөк ойлоно баштаган экен да.

- Ооба. Бүгүнкү конференцияда ушул маселелер каралат.

- Сиз айттыңыз бул жетинчи конференция деп. Буга чейинки жыйындардын жыйынтыгы кандай болду?

- Негизи бул конференциялардын жыйынтыгы жакшы эле болуп келе жатат. Көп эле проблемалар чечилет. Мисалы, “Груз двести” деп коёт, чет жерде кайтыш болгондорду алып келүү боюнча. Ошол боюнча да маселе чечилген. Кыргызстан жалгыз өлкө экен мамлекет акчасын төлөп берген. Ошол маселе убагында чечилген.

- Сиздердин маалымат боюнча азыр канча өлкөлөрдө кыргыз диаспоралары бар?

- Биз буга чейин Орусия жана Казакстан менен иштешип келгенбиз. Биздин мигранттарыбыздын көпчүлүк бөлүгү аталган өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт эмеспи. Карап көрсөк, башка чет өлкөлөрдө да биздин жердештер көп экен. Мисалы, Италияда, Германияда. Быйыл ал жактан өкүлдөрдү чакырып, алыскы чет өлкөлүк өкүлдөр менен да иштешип жатабыз. Ошондой эле алардын да бизге жардамы тийеби деген максатта быйыл эл аралык конференция болот.

- Демек, “Замандаш” уюму кулачын жайып бара жаткан турбайбы?

- Ооба. Буюрса биз ушундай статус алалы деп чечтик.

- Бүгүнкү жыйында чет өлкөдө кыргыз мигранттарынын Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча сунуштары талкууланат делет. Сиздин оюңузча кандай сунуштар болушу ыктымал?

- Инвестияларды Кыргызстанга алып келүүгө, экономиканы көтөргөнгө. Жылына Орусиядан акча которуу менен эле 1,5 - 2 миллиард доллар Кыргызстанга бир жылда түшөт экен. Бул деле абдан чоң сумма да. Айрыкча түштүк региондо бир үйбүлөдө бир же эки үйбүлө мүчөсү чет жакта иштейт. Алар акча которуп, аларды багышат. Бул эң чоң маселе.

- Айсулуу айым, кыргыз мигранттарынын абалы туралуу да сөз кыла кетсеңиз. Кыргыз мигранттары көбүнчө кандай кыйынчылыктарга тушугуп жатышат?

- Алар албетте, көп эле кыйынчылыктара туш болушат. Мисалы, көбүнчөсү такыр баштарга кабылып калышат. Жылдын башында канча жарандарыбыз киши колдуу болуп кетти. Ушундай жыйындарда биз ал проблемаларды да чечкенге аракет кылабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG