Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛУУЧУЛАР САНЫ БЫЛТЫРКЫГА ЖЕТЕБИ?


Рита Нурманбет кызы, Кара-Кол Ысык-Көлдөгү жаанчыл аба ырайына карабай июль айынын ортосунан баштап эс алуучулардын агымы үзүлө элек. Бирок, киши көбөйгөн сайын-тамак аш сапаты начарлап, тейлөө дагы талаптагыдай болбой атканы айтылууда. Сууга чөгүп каза болгондорду табуу да көйгөйгө айланды. Адистердин айтуусунда ал үчүн эми, казакстандан куткаруучулары чакырылды.

Ысык-Көлдө быйыл эс алуу сезону 20 күнгө эрте башталган. Ага жараша туристтердин агымы да эрте болгон. Июнь айы кургакчыл болуп, өтө ысыгандыктан, соода түйүндөрүндөгү сүт жана дан азыктары июль айына чейин эскирип кеткени байкалган. Мисалы, Чолпон-Ата шаарына кире бергендеги 3-дүкөн түнкүсүн да иштегендиктен-зарылган кардарлар азык-түлүктү сапатына карабай алууга туура келет. Бул жерде 1 ай мөөнөтү өткөн азыктардын көргөзмөдө турганына күбө болдук:

- Бул йогурт канча сом?

- 35 сом.

- Мөөнөтү бир ай өтүп кеткен турбайбы?

- Аа, жөн эле көргөзмөгө коюп койгонбуз, азыр алып салабыз.

Музаткычтагы оозу чапталган кефир, фругурт, каймак деген сүт азыктарынын дээрлигинин мөөнөтү өткөн экен. Айрымдарынын боорунда азыктын чыгарылган күнүнүн датасы өзүнчө чапталып жүрөт. Дүкөнгө кирип-чыккандарды карап турсак, көлгө түшкөндөр суусундуктан кийин эле нанды көбүрөөк алганын көрдүк.

- Нандын ичи былжырап кетип атат, бир күндө эле. 20 сомдон алсак, анан ушундай болсо, айла жок.

Ишемби, жекшемби күндөрү кечинде нан таңсыкка айланганда ушинтип 1 бөлкөнү 20 сомго чыгарган дүкөнчүлөр - анын сапатына жооп бере албайбыз дешет.

- Базар жактан алып келишет, нанды жапкан жери каякта билбейм. Кээде айтып атабыз. Наныңар начар, эл кайра алып келип атат, десек алмаштырып берип. Эми жакшы ун алдык деп убада кылышты.

Нан өткөргөн наабайчыларын да, дүкөндүн кожоюнун да, өзүнүн аты жөнүн да тааныштыргысы келбеген соодагер айымдан кийин районду кыдырып, буга жоопкер бир да органды таба алган жокпуз. Кыргызстандарттын Чолпон-Ата аймактык башчысы Канат Жунушакунов да азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөө мамлекет тарабынан милдеттендирилбегенин чечмелейт:

- Рынок шарты деп 5 жыл мурда эле биздин көзөмөл милдетибизден ажыратып койгон. Ким кандай нан, дегеле эмне сатса өз эрки. Сапат белгиси катары атыбыз болгон менен таасирибиз жок.

Канат Жунушакунов - Орто Азия боюнча Кыргызстанда гана мамлекеттик стандарттын укугу чектелгенин кошумчалап, нандын ортосу эмнеге нымдалып, жабышкак болуп атканын түшүндүрдү:

- "Картофельная палочка” деп коёт, ал ундун туура эмес сакталышынан болот. Бизде укук бар кезде андай ундарды саттырчу эмеспиз.

Кыргыз республикасынын стандарттоо жана метрология институтунун Чолпон-Ата аймактык бөлүмүнүн башчысы Канат Жуншакунов азык-түлүктүн сапатына эл керектөөчүлөр коому көз салат дегенинен издештирсек, ал мекеме бир да жерде каттоодо жок экен. Санитардык эпидемиологиялык борбор болсо, тазалыгы менен сакталышын гана текшерүүгө укуктуу экен. Бир сөз менен айтканда курорттук райондо азык-түлүктүн сапатына кайдыгер мамиле болуп, аны көзөмөлдөө мамлекет тарабынан минтип чарбасыздыкка айланса, туристтер ирээнжибейт деп эч ким кепил боло албайт.

Ал эми жээктеги эс алуучулардын сууда сүзүүдөгү коопсуздугу да сакталбай атат. "Золотые пески" пансионатынын пляжынан чөгүп кеткен казак жаранынын сөөгү 15 күндөн бери табылбай атат. Анын себебин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармасы Шайлообек Усупкановдон уксак:

- Биздеги куткаруучулар - техникалык даярдыгы боюнча 20 метрдей тереңдикке чейин гана барыш керек. Эки жумадан ашык казак атуулунун сөөгүнүн табылбай атканы да ошондон. Жашырганда эмне? Бул көйгөй качантан бери чечилбей келатат. Сезон ачылган сайын айтабыз, жабылганда эле убада да унутулат.

Чөккөн кишини 60 метр тереңдиктен издөө үчүн машыгууга келген казак куткаруучуларын пайдалануудан башка ылажы жок экенин кошумчалаган Шайлообек Усупканов Кыргызстандагы бул кызматка керектүү шаймандар зарыл болуп турганын ачыктады.

XS
SM
MD
LG