Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН БАБА ДЫЙКАНЫ ЭЛЕ


Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда күтүүсүз жүрөк оорудан Кыргыз музыкасынын туусу болгон туңгуч залкар, дирижер СССРдин, Республиканын эл артисти, Кыргызстандын эл баатыры, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, академик, профессор Асанкан Жумакматов дүйнөдөн кайткан эле. 23-июлда кыргыз коомчулугу кайталангыс таланттагы улуу инсанды келбес жайга узатышат.

Адатта кыргыздар “өлүм улук, өлүм ак” дешет. Ошол өлүм күтүүсүздөн кыргыз музыкасынын баба дыйканы, туусу болгон туңгуч дирижер, СССРдин, Республиканын эл артисти, Кыргызстандын эл баатыры, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, академик, профессор Асанкан Жумакматовду шум ажалга жулдуруп, оор кайгыдан кабыргабыз кайышып турган кез.

Асанкан агай мелмилдеген дайрадай ток пейил, ишке так, сөзгө бек, артык баш сүйлөбөгөн, илхому келгенде дүйнөнүн көзүнө карабай төгүлүп, чачылып жүргөн, бардык адамдарга улуу, кичүүсүнө карабай жарк этип жылмайып коюу менен жооп берген, акылы терең, пейли кенен, иш дегенде жанын берген өзгөчө иштерман өлөр-өлгөнчө дирижерлук чыбыгын таштабай музыка менен жашап өттү.

Асакем 85 жаштын аралыгында турмуштун ачуусун да, таттуусун да татты. Балалыктын балдай таттуу күндөрүндө да байдын баласы катары энеси менен Украинага айдалды. Улуу Ата Мекендик согушта немистер менен Сталинградда баатырларча салгылашат.

Туубаса таланттагы Асакем кайда жүрбөсүн бактысын музыкадан издейт. Акыры көздөгөн максатына жетип, ал өмүрүнүн 70 жылын кыргыз профессионалдык музыкасынын түптөлүшүнө, өсүшүнө, гүлдөшүнө арнады.

Ал опера жана балет театрында, филармонияда, Кыргыз телерадиокорпорациясынын симфониялык оркестринде башкы дирижер болуп иштеди. Ондогон дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун операларын, балеттерин, толгон токой концерттерди дирижерлоду. Залкар устат талыкпаган насаатчы катары ондогон жаш ырчылардын бийчилердин, композиторлордун, музыканттардын бактысын музыка дүйнөсүнөн ачкан эле. М

аркум Асакем өлөөр өлгөнчө дүйнөлүк классикалык, айрыкча кыргыз композиторлорунун чыгармаларын калк алдына тартуулоодон талбаган бирден-бир жалындуу жайылтуучусу эле. Маркум Асакем жөнүндө композиторлор союзунун төрагасы, Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кенжегазы Асанбаев мындай дейт:

- Кыргыз профессионалдык музыкасын түптөгөндөрдүн бири залкар дирижер Асанкан Жумакматовдон айрылып отурабыз. Асакем “Анар”, “Чолпон” балеттерин, “Айчүрөк”, “Манас” операларын, кыргыз композиторлорунун ырдан тартып, симфониялык чыгармаларынын бардыгын дирижерлоп, калк алдына алып чыккан эле. Асакем, мына шум жалган шум жалгандан ким калган болуп, о, дүйнөгө узатып кабыргабыз кайышып отурат. Асакемдин жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сактала бермекчи.

Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Акимжан Жээнбаев төмөнкүлөргө токтолду:

- Жакында Улуттук филармониянын концерттик залында кыргыз телерадиосунун Г. Маматова жетектеген камералык хору, залкар дирижер Асанкан Жумакматовдун туулган күнүнүн 85-жылдыгына арналган концерти болгон эле. Ошондо агай жаштык менен, дем менен жаадырай жайнай концертин берген болчу. Эл алдына чыгып концертти дирижерлоп, акырында келечектеги чыгармачылык пландарын айткан эле. Эми болсо Асанкан агайдан айрылып, орду толгус оор жоготууга кез болуп, кабыргабыз кайышып турат. Көрсө, өлүм ак тура, Асанкан агай кыргыз эли менен түбөлүккө жашай турган көөнөр мурастарды калтырып кетти. Алар кыргыз калкы канча жашаса, ошончо жашай бермекчи.
XS
SM
MD
LG