Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

07:10 Кыргызстанда “Жаратылыш газын пайдаланууну ирээтке келтирүү жөнүндө” буйрукка кол коюлду


Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин билдиргенине караганда, жаңы эрежелерге ылайык, жаратылыш газын керектөөнүн нормалары белгиленди. Борбордук жылуулук системасына кошулган үйлөрдө газды пайдалануунун нормасы киши башына бир айга 10 куб метр, ал эми борбордук жылуулук ситемасына кошулбаган үйлөрдө газды керетөөнүн нормасы 1 адамга 14 куб метр болуп саналат. Газ менен жылыган үйлөрдө киши башына норма 11 куб метр болсо, жекече жылытылган үйлөрдө газды пайдалануунун нормасы айына 8 куб метрди түзөт. Белгилей кетчү жагдай, эми газды керектөөгө болгон акы каттоодо турган адамдардын санына эмес, жашап жаткан адамдардын санына жараша болот.(MSu)

XS
SM
MD
LG