Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

КЫРГЫЗСТАН БҮГҮН “КҮҮ-ДАЙРАСЫНЫН” АТАСЫ МЕНЕН КОШТОШОТ


Бүгүн Кыргызстан дагы бир улуу уулдарынын бири, көрүнүктүү кыргыз дирижеру жана чыгаан музыканты Асанхан Жумакматов менен коштошот. Анын көзү өткөндүгүнө байланыштуу кечээ маркум өзү мүчөсү болгон Эларалык чыгармачыл Академия мүчөлөрүнөн көңүл айтуу келип түштү.

Анда “Асанхан Жумакматовдун дүйнөдөн кайтышы мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн жана орус маданиятынын эле эмес бүтдүйнөнүн музыкалык коомчулугу үчүн орду толгус оор жоготуу болду, биз сиздин жаркын элесиңиздин алдында башыбызды ийебиз, улуу музыкант жана эң сонун адам катары ар дайым унутпай эстеп жүрөбүз” деп айтылат. Көңүл айтууга Эларалык чыгармачыл Академиянын президенти, эмгектин баатыры, академик Г.П. Гладышев, Академиянын1-вице-президенти, Советтер Союзунун баатыры, генерал-полковник Ю. Н. Фомичев, Академиянын 1-вице-президенти, академик М.Д. Акаева, СССРдин эл артисти И. К. Архипова, Россиянын эл артисти, профессор В.И. Пьявко, Россиянын жана Грузиянын эл сүрөтчүсү, академик Церетели, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ж.Г. Дозорцева кол койгон.

Баса, “Азаттыктын” угармандарынын эсине сала кетели, маркум Асанхан Жумакматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 10до Абдылас Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү опера жана балет театрында башталат.

Эми күндөлүк жаңылыктарга өтөлү. “Коңшу Тажикстанда үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылында электр энергиясын өндүрүү өткөн жылдын 1-жарым жылына салыштырганда 15,7 пайызга төмөндөгөн, бирок буга карабастан Тажик республикасы өткөн кышта алган карызы үчүн Өзбекстан менен Кыргызстанга электр энергиясын үзгүлтүксүз берип жатат” деп билдирди “Борбор Азия” жаңылыктар кызматы. Тажикстандын энергетика жана өнөржай министри Шерали Гүлдүн айтуусу боюнча өлкө суткасына 64 миллион киловатт саат энергия өндүрсө, анын 12 миллион киловатт саатын Өзбекстанга, 1 миллионун Кыргызстанга жөнөтүүдө. Тажик министри ошондой эле быйыл Нурек суу сактагычындагы суунун көлөмү аз экендигин, тоолордогу мөңгүлөр да азайганын, кургакчылык каптап турганын, бирок буга карабастан Тажикстанда калкты электр энергиясы менен толук камсыз кылуу өткөн жылга салыштырганда жакшы болорун, жыл аягына чейин орус инвесторлору куруп жаткан Сангтудин ГЭСинин бардык 4 агрегаты ишке киргизилерин айтты.

Ошол эле учурда Кыргызстандын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министрлиги жаратылыш газын жагуууну тартипке салуу жана анын эсебин алуу боюнча иш чараларды иштеп чыгууга буйрук берди. Эми мындан ары борбордук ысык суу түйүнүнө кошулган үйлөрдө тамак-аш бышыруу үчүн жагылган газдын өлчөмү киши башына ай сайын10 кубометрден ашпоого тийиш. Ал эми борбордук суу түйүндөрүнө кошулбаган үйлөрдө тамак-аш бышыруу үчүн жагылуучу газдын көлөмү киши башына ай сайын 14 кубометрден болмокчу деп маалымдады ушул эле “Борбор Азия” жаңылыктар кызматы.

“Аки-пресс” маалымат агенттиги Чүй дубанынын базарларында мал бир жарым эсеге арзандап кеткенин, мисалы буга дейре бир уйдун баасы 50 миң сом болсо, азыр 30-35 миң сомго түшкөнүн, баасы 60 миңден ашып кеткен жылкылардын ар бирин бүгүн 40—45 миң сомдон сатып алса болорун кабарлады. Ошентип, жылтырагандын баары кымбаттап аткан учурда минтип малдын күтүүсүз жерден арзандап кетишинин себебин айылчарба адистери коңшу Казакстанда чөптүн күйүп кетиши жана бир жыл мурда казактар жапа тырмак жабылып, үстөксүз кередит ала коюп, акыры алган карызды төлөй турган кез келип, калктын азы төлөгөн менен көбү төлөй албай, айласы куруп, аргасы түгөнгөндө колундагы малын сата баштаганы менен түшүндүрүүдө. Казактар малын Чүйдүн Чалдыбар, Аксуу, Сокулук, Кара Балта жана Бишкек шаарынын базарларына апкелип сатууда. Бирок мал арзандаган сайын базардагы эттин баасы кымбаттоодо. Мындай көрүнүштү айылчарба атка минерлери ал жердеги атайын уюшулган алып сатарлардын кылыган кылыгы, аларды кынына киргизүү үчүн өкмөт тиешелүү органдарга тапшырма берди деп айтты деп билдирди.

“Кыргызстан тозоктун толгоосун кышында тарта турган энергетикалык кризисттин босогосуна улам жакындап келатат. Оппозиция жаңы ревоолюция болорун алдын ала болжоп жатса, эксперттер мындай абалдан чыгуу үчүн президент К. Бакиевдин Маскөөдөн жардам сурагандан бөлөк айласы жок” деп айтышууда деп жазды “Борбор Азия.Ру” маалымат агенттиги. Бакиев биринчи жолу мындан ары электр энергиясы аркылуу жылытылган мекеме-ишканалар менен мектептердин баары эмитеден көмүр менен жылытканга өтүүлөрү тийиштигин, ошентип бир кылымга жакын мезгилден бери жашоо-тирчилигин жалаң свет менен өткөргөн эл мындан ары жарыкка үмүт байлаганды токтотуп, кышка карата көмүр камдап алуулары керектигин билдирди деп жазды. Кыргыз бийлиги өто эле ийкемсиз жолго түшүп алганын, электрэнергиясы менен ысык суунун тарифин 25 пайызга көбөйткөнү аз келгенсип, Бакиев энергетикалык обьекттерди менчиктештирүү идеясын көшөргөндөн көшөрүп түртүп келе жатканын, бирок оппозициялык күчтөрдун айтуусу боюнча энергартмакты менчиктештирүү өлкөнү кризисттен сактап кала албатыгын, Акаевдин режими да дал ушул жолго келип такалып, от менен ойной баштаганда омурткасы сынып жок болгонун, ошентип бүгүн Бакиевде абалдан чыгуунун бир гана жолу Орусияга барып жардам суроо калганын, буга байланыштуу анын жакындагы Маскөөгө күтүүсүз жасаган иш сапарынын төркүнү да дал ушул максатта болгонун жазып чыкты.

“Борбор Азия.Ру” маалымат агенттиги Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги коңшу республикалардын малын кыргыз жайыттарына жайууга тыйуу салганын, жайыттарды пайдалануу Тажикстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык документтерге кол коюлмайын чечилбей тургандыгын, буга өлкөдөгү кийники окуялар себеп болгонун жарыя кылды. Кыргызстандын түштүгүнөн сибирь жарасы чыгып, ал адам өлүмүнө алып келгенин, сибирь жарасы менен өлгөн мал-жан өрттөлүп, күлү да жер үстүндө калбасын эскерткен эксперттер Жалал-Абаддын Ноокен аймагында 1948-жылы көмүлгөн сибирь жарасынын көрүстөнү 2005-жылдагы жүргөн селдин кесепетинен кайрадан жер үстүнө калкып чыкканын, азыркы күндө малды туташ дарылоо жүрүп жаткандыгын маалымдады.
XS
SM
MD
LG