Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

10:16 Ю.Фучик атындагы паркта жаңы комплекс орнотулат


Маданият жана маалымат министрлиги тараткан маалыматка караганда, 26-июлда Бишкектин Юлиус Фучик атындагы паркында “Дүйнөнүн мээримдүү периштеси” аттуу архитектуралык-парк комплекси ачылат. Ал Кыргызстандын меценаттарынын эмгеги менен аракетине таазим көрсөтүү белгиси катары тургузулат. Бийиктиги 2 метр 30 сантиметр, туурасы 3 метрге жакын колодон жасалган композицияны курууга Орусиядагы “Жүз жылдыктын меценаттары” деген эл аралык кайрымдуулук фондусунун демилгеси өбөлгө берип, кыргыз меценаттары Аскар Салымбеков жана Нарынбек Молдобаевдин көмөгү менен ишке ашырылган. Комплексти аталган жерде курууну колдоп, кыргыз жетекчилиги өткөн жылы эстелик ташты орноткон. (BD)

XS
SM
MD
LG