Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Б.СЕЙИТОВ: АЛТЫМЫШ ЖОЛ КЫРСЫГЫНДА 109 АДАМ КАЗА ТАПТЫ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Акыркы жылдарда Кыргызстанда адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолгон жол кырсыктарынын саны байма-бай айтылууда. Жол кырсыктарына байланыштуу жагдай жана аны азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Алгач сандарга кайрыла кетсек. Быйыл жарым жылда өлкөдө канча жол кырсыгы катталды жана андан канча адамдын өмүрү кыйылды?

- Негизинен, жалпы Кыргызстан боюнча жол кырсыктары былтыркы жылдын ушул маалына карата бир аз кыскарды десек болот. Бирок ошол эле убакта жалпы Кыргызстан боюнча катталган жол кырсыктарынын саны өтө көп деп айтсак да болот. Айрыкча адам өмүрүн көбүрөөк алып кеткен учурлар. Бир эле жол кырсыгында беш-алтыдан өлгөн адамдардын саны бар. Ошондой жол кырсыктары алтымышка жакын болду. Ал алтымыш жол кырсыгынын ичинен 109 адам өлүп, 265 адам ар кандай жаракат алган.

Негизинен жол кырсыктары баштагы жылдарга салыштырмалуу жыл сайын өскөндүн үстүндө болуп жатат. Бирок азыркы күндө биздин Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Молдомуса Конгантев, жол кырсыгы боюнча, жолдо жүрүүнүн эрежелери жана аны камсыз кыла турган биздин жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы башта айтып жүргөн МАИ кызматын өзгөчө көзмөлгө алып, айрыкча курорт зонасындагы жолдорду өзгөчө көзөмөлгө алып, анын жетекчилерин сындап келет. Себеп дегенде жол кырсыктарын алдын алуу иштерин, анын үстүнө жолдорго коюлган посттордо, мисалы Ысык-Көлдөн Бишкекке чейинки жолдун ар бир участкасында кызматкерлер бекитилген. Айрым учурларда өзүлөрүнүн жоопкерчилигине салкын мамиле жасап, ошондон улам жол кырсыктары катталып калып жатат.

- Бакыт мырза, жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себептерин эмнеден көрүп жатасыздар?

- Биринчиден, жолдордун сапатынын начардыгы. Экинчиден, автоунаалардын көптүгү. Үчүнчүдөн, айрыкча жайкы эс алуу маалында автоунаалардын көп катташы. Бардык эле региондордо катталып жатат.

Салыштырмалуу адам өмүрүн көп алган жол кырсыктары катталган жер, бул курорттук аймактар болуп саналат. Аларды алдын алуу боюнча биздин министрлик өзгөчө көзөмөл жүргүзүп, министр ар бир жума сайын өткөрүлгөн жыйында жол кыймылын көзөмөлгө ала турган кызматтардын баардыгынан тең отчетторун алып турат.

- Ошондой иш аракеттин жыйынтыгы байкалып жатабы?

- Мурдагыга салыштырмалуу бул жылы өзгөчө постторду карап, түнкү рейддерди өткөрүүгө көңүл бурулуп атат. Айтылып кала берчү. Бул боюнча азыркы учурда ар бир постко кызматкерлерди бекитип бергенбиз. Ар бир районго бөлүп бергенбиз. Ошон үчүн жоопкер кишилер бар жана алар сөзсүз түрдө өзүлөрүнүн кызматына шалаакылык кылабы же болбосо жакшы аткарабы, министрликтин алдында отчет беришет.

- Бакыт мырза, Токмоктогу казак жарандарына байланышкан эки күн мурдагы кырсыктан кийин, Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташуучу баардык автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү чечими кабыл алыныптыр 1-сентябрга чейин. Бул багытта бизде кандай чаралар көрүлөт?

- Биздин министрдин көрсөтмөсү менен МАИ кызматтары атайын жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын баардыгын тең кайрадан техникалык кароодон өткөрүп, текшерип, экинчиден айдоочулардын стажын, ахыбалын карап, үчүнчүдөн жол эрежелерин билеби, билбейби, андан сырткары кимдердин уруксаты бар, буга кошумча түнкү рейсте көптөгөн жүргүнчүлөрдү алып, катуу ылдамдыкта жүрүүгө болобу, болбойбу деген маселелердин баарын тең тактап туруп, бул багытта өзгөчө чара көрүү жагы министрлик жактан эскертилген.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG