Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

ГАЗДЫН БИР МИҢ КУБУ 500 ДОЛЛАР БОЛОТ ДЕГЕН КОРКУНУЧ БАР


Өзбекстан келерки жылга карата Кыргызстанга газдын баасын дагы кымбаттатышы күтүлүүдө. “Кыргыз газ” ачык акционердик коомунун маалыматына караганда буга көгүлтүр отко дүйнөлүк баанын жогорулашы себеп болууда. Мунун кесепети барып келип карапайым калктын жашоосуна оорчулук келтирет деген пикирлер да айтылууда.

Учурда энергетика маселеси өкмөттүн, жалпы эле коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, алдыдагы кыштан кыйналбай чыгуунун камылгасы көрүлүүдө. Бир маселе оңдуу чечилбей жатканда, эми газ менен мазутка баалардын жогорулай тургандыгы тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Маселен, «Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашевдин «Азаттыкка» берген интервьюсунда Өзбекстан келерки жылы Кыргызстанга көгүлтүр отундун 1 миң куб/метрин 500 доллардан сата тургандыгы жөнүндө маалыматы барын айтты.

- Энергия дегенде эле электр энергиясын ойлобостон газды да ойлоп коюшубуз керек. Газдын баасын быйыл үч эсе көтөрүшкөнү турат. Мага жеткен маалымат боюнча 500 долларга жетет экен. Мазутту көтөргөнү турушат.

Расмий тарап деле мындай божомолдорду төгундөгөн жери жок. Энергетика жана отун ресурстары боюнча министр Сапарбек Балкыбеков “Азаттыкка” берген маегинде газдын баасы дагы эки эсеге кымбаттап кетиши мүмкүн экендигин белгилеген болчу.

Бул маселе боюнча “Азаттыктын” суроосуна берген жообунда “Кыргыз газ” ачык акционердик коомунун жетекчиси Саламат Айтыкеев болсо Өзбекстан газды дүйнөлүк баа менен Кыргызстанга сатат деген расмий маалымат барын ачыктады:

- Өзбекстан газды дүйнөлүк баа менен сатабыз деген расмий маалымат бар.Биз ошого жакындап баратпайбызбы. 2008-жылы деле ошол дүйнөлүк баага жакындап калды, 145 доллардан сатып алып жатабыз. Эми айтыш кыйын 500 доллар болобу, мүмкүн 300 доллар болот. Бирок газ кымбаттайт. Сөзсүз кымбаттайт.

Карапайым калктын даярдыгы жок деп эсептеген Саламат Айтикеев газдын кымбаттоо ыктымалдыгына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат деп билдирди

- Кыргызстан даяр эмес. Биринчиден мындай баага элдер, калкыбыз даяр эмес. Мисалы көп эле элдер бизге келип газ кошуп бергиле, кышында электр жарыгы жок болуп калат экен. Көмүр жакпайбыз, газ жагабыз дегендер бар. Биз аларга түшүндүрүп жатабыз, азыркы орточо үйдү, 100 квадрат/метр өлчөмүндөгү үйдү жылытыш үчүн өткөн жылы бир айда үч миң сомдон төлөсө, азыркы баа менен 6-7 миң сомго чыгып кетет экен бир айда.

Айтикеев калктын жакыр жашаган катмарына газга төлөмдөр боюнча өкмөттөн колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Энергетика, отун ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзбекстан газдын баасын көтөрүү тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Ал эми көз карандысыз экономист Айылчы Сарыбаев болсо газдын 1 миң куб/метри дүйнөлүк баада 200 доллардан болуп жатканда, Кыргызстан өңдүу кошуна мамлекеттерге Өзбекстан газын 500 доллардан сатаарына ишенбейтЖ

- Газдын кымбатташы менен баалар өсөт. Эгерде газдын баасы 500 долларга чыкса муну эки өлкө ортосундагы экономикалык согуш деп коет. Андай болушу эч мүмкүн эмес. Азыр газдын куб/метрин 100 доллардан араң алып жатабыз. Эми электр энергиясы кымбаттаса, газдын баасы 500 доллардан келсе анда Кыргызстанда жашоо таптакыр жүрбөй калышы ыктымал.

Сарыбаев мамлекеттин социалдык-экономикалык багыттагы жөндөмсүз саясатынын негизинде Кыргызстан коңшу Өзбекстанга көз каранды болуп келүүдө.

XS
SM
MD
LG