Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТА ТУРЧУ “ОЙМО-2008” ФЕСТИВАЛЫ


26-июлда Бишкекте ачылып, Чолпон-Атада улана турган Борбор Азия мамлекеттеринин “Оймо-2008” фестивалынын максаты – улуттар ортосундагы маданий байланыштарды тереңдетүү жана айыл кол өнөрчүлүгүн көтөрүү болуп саналат.

Борбордук Азия мамлекеттеринин кол өнөрчүлүгүн өстүрүүгө ар тараптуу аракеттерди көрүүнү максат этип аткан Эл аралык “Оймо-2008” фестивалы Кыргызстанда үчүнчү ирет өтүп жатат. Фестивалдын өтүшүнө Кыргызстандагы Швейцариялык бюро жана ЕККУ колдоо көрсөтүп келатат.

Фестивалдын башкы максаты, Маданият жана маалымат министрлигинин жетектөөчү адиси Дамира Алышбаеванын айтымында, айыл маданиятын көтөрүү жана айылдык кол өнөрчүлөргө жардам көрсөтүү:

- Биздин көпчүлүк айылдык уз-чеберлерибиз көз жоосун алган мыкты буюмдарды жаратышканы менен, ал буюмдардын өздөрүнүн социалдык абалын жакшыртууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар, биле беришпейт. Фестивал мына ушул өңүттөн да элге жардам көрсөтмөкчү.

Ысык-Көлдөгү Эко-борборго жана “Рух-Ордо” маданий борборуна жакын жайгашкан темир жол сейилбагында Борбордук Азия мамлекеттеринен келген 100дөн ашуун кол өнөрчүнүн кол эмгектеринен турган базар ачылмакчы.

Фестивал кол буюмдарын көрсөтүү менен эле чектелбей, башка иш-чараларды да өткөрөрүн маалымдады Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейдин илимий кызматкери Нургүл Атыбаева:

- Чолпон-Атадагы фестивалдык иш-чаралар кол буюмдарын рекламалап, сатыкка коюу менен эле чектелбейт. Фестивалдын жүрүшүндө кол өнөрчүлөрдүн окуулары, айрыкча балдар үчүн окуулар өтөт, Борбордук Азия мамлекеттеринин соңку кинотасмалары көрсөтүлөт жана кол өнөрчүлүк маселелери боюнча тегерек үстөлдөр өтөт. Негизи эле “Оймо 2008” Эл аралык фестивалында кол өнөрчүлөрдүн жаңы муунун тарбиялап чыгаруу аракеттерине көңүл бурулат.

Бүгүнкү күндөрдө “Оймо-2008” эл аралык фестивалын утурлап, Чолпон-Атада болуп аткан кыргыз Эл сүрөтчүсү, мамлекеттик көркөм-сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев телефон аркылуу Чолпон-Атадан буларды маалымдады:

- Биздин мамлекеттик музейде 30-жылдардан тарта элден чогултуп алынган абдан баалуу кол өнөрчүлүк буюмдары бар. Мына ошол буюмдардын коллекциясын фестивалдын жүрүшүндө Чолпон-Атадагы музейге алып келдик. Максатыбыз эле – чет өлкөлүк туристтердин көңүлүн кыргыз кол буюмдарына буруу жана айыл элинин кол өнөрчүлүгүнө болгон кызыгуусун арттыруу.
XS
SM
MD
LG