Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

11:45 Өкмөттүн кеңешмеси аяктады


Өкмөттүн бүгүнкү кеңешмесинин жыйынтыктарын чыгарып, Курманбек Бакиев ушу күзгө чейин катуу иштөөнүн, маанилүү чечимдерди кабыл алуунун жана чараларды көрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы министрликтердин жетекчилерин жасалмалуулуктан качып, ыкшоолукту жеңип, мезгилден озуп иштөөгө, мүмкүн болуучу терс кырдаалдардын алдын алууга чакырды. Курманбек Бакиев ошондой эле министрлер кабинети кырдаалга талдоо жүргүзүп, ыкчам чечим кабыл алып жана аны ишке ашырууда жөндөмдүү бирдиктүү профессионалдык команда болуп иштөөсүн талап кылды. Ошондой эле алдыга коюлган тапшырмаларды аткара албаган жетекчилерге карата тиешелүү сунуштарды берүүнү премьер-министр Игорь Чудиновго тапшырды. Бул боюнча президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG