Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

17:10 Жалал-Абат облусунун Майлуу-Суу шаарында иш таштоо уланууда


Электр шамдарын чыгаруучу заводдун жыйноо цехинин миңдей жумушчусу иш таштоону 21-июлда баштаган. Алар төрт айлык эмгек акыларын төлөөнү талап кылышып, эмгек акылары толук берилбеген сайын ишке чыкпайбыз деп жатышат. 23-июлда заводдун жетекчилиги аларды ишти баштоого үндөө менен акцияны уюштургандар жазага тартылаарын эскертишкен. 24-июль күнү да иштебеген жумушчуларды коркутуу-үркүтүү болууда. Ошондуктан алар прокуратурага да кайрылышууда. Мындай маалымат заводдун цех башчысы Рустам Абдувалиевден алынды. Шаар башчы Сабыр Токтогулов иш таштоо улантылып жатканын ырастап, бүгүнтөн тарта март айынын эмгек акысы бериле баштаганын, заводдогулар май, июнь айлары үчүн дем алышта болушкандыгын жана жумушчуларды коркутуу-үркүтүү болбогонун, эмгек жамааты иш таштоо тууралуу алдын ала маалым кылбаганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG