Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:14

ЭЛЕКТРДЕН - КӨМҮРГӨ, ЖАРЫК ЭМИ ДАЙЫМ БОЛБОЙТ


24-июлдагы өкмөттүк жыйында эки маселе - өлкөнүн жарым жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, ошондой эле кышка даярдыктын абалы талкууланды. Кургакчылыктын айынан Токтогулда суу аз топтолуп, анын себебинен кышында электр энергиясы жетишпей тургандыгы айтылды. Жыйында электр жылыткычтарды көмүргө өткөрүү жай жүрүп жатканы сынга алынды.

Суунун аздыгы жаз алды менен өкмөт электр жарыгы өчүрүүгө өткөн кезде эле айтыла баштаган. Кыргызстандын Өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков ушу тапта "Токтогул" суу сактагычында 9 миллиардга жете бербеген кубометр суу бар экенин август айында анын өлчөмү 9,5 миллиард кубометрден бираз ашары болжолдонуп жатканын өкмөттүк жыйында маалымдады.

- Суунун кое берилиши 2008-жылы 7,5 миллиард кубометрди түздү. 2007-жылы ал 7,7 миллиард кубометр болчу. Башкача айтканда, суунун пайдаланылышы иш жүзүндө өткөн жылдын деңгээлинде калды.

Антип бирдей өлчөмдө суy кое берилгени менен, иштелип чыккан электр энергиясынын айланасында быйылкыдай тартыш болгон эмес эле. С.Балкыбеков чоң жыйында дагы бир маалыматты жарыя кылды. Анын ырасташынча, өткөн жылдын жарымында деле 6 миллиард киловатт саатка бираз жете бербеген электр энергиясы пайдаланылган. Быйылкы жарым жылдык көрсөткүч ошондой эле өлчөмдө.

Баш оорутчу маселе эмки жарым жылдыкта “Токтогул” суу сактагычында канча суу топтолот, канча электр энергиясы иштелип чыгат суроосу болууда. Суу аз, электр энергиясы жетишсиз. Өкмөт мындай кырдаалда кандай иштерди жасай турганын Сапарбек Балкыбеков жыйындан соң журналисттер алдында дагы бир ирет кайталай кетти.

- Кыш мезгилинде электр энергиясы менен жылытуу мүмкүнчүлүгү эч кимге берилбейт. Элдин баарына. А элден тышкары коммерциялык түзүмдөргө, кафе, ресторандарда – баарында электр жылыткычтары болсо аны биз алабыз.

Кыргызстан үчүн келаткан кыш оор сыноо болоруна өкмөттүк жыйында президент К.Бакиев да кенен-кесир токтолду. Маңдайында олтурган аткаруу бийлик жетекчилеринен энергия уурдоолорду токтотуп, бөлүнгөн лимиттен ашыкчоо чыгымдоолорго жол бербешин эскертти.

- Бардык булактарды пайдаланып, жарыкты жалпы элге бериш керек.

Мамлекет башчы биринчи кардын жаашын күтүп отурбай, эмитен отунсууну камдоого өтүш керектигин айтты.

- Тезек болобу, көмүр болобу, азыртан даярдангыла. Булардын айткан сөздөрүнө ишенбегиле. Свет болушу өтө татаал. Биз “Токтогул” суу сактагычындагы суунун көлөмүн жанагы “жансыз чекитине” түшүрө албайбыз. Андай болсо бардык Кыргызстан жарыксыз отуруп калат.

Президент К.Бакиев энергетика тармагындагы эңгезер проблемалардын көбү менчиктештирүү аркылуу гана чечилерин баса белгиледи. Бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү гана уурдоолорду тыйып, тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.

“Өкмөттүн энергетика тармагын менчиктештирүүгө өтүүсү кысталыш учурда башталды”, дейт “Бирдиктүү Кыргызстан” саясий кыймылынын жетекчиси Амангелди Муралиев.

- Ушул маселелердин баары кризис кычап турган чакта башталууда. Электр энергиясы өчүрүлүп, “Токтогул” суу сактагычына суунун толушу арсар турган чакта, энергетикада уурдоолор-жоготуулар көбөйгөн учурда болууда. Мунун баары өлкөнүн экономикасына чоң таасир көрсөтөт. Менин оюмча, энергетика, аны кризистин сазына биротоло тартылып кетишине жол бербөө азыркы өкмөттүн, биздин коомдун номур биринчи проблемасы. Жагдайдан чыгуунун жолун издөө керек.

Аткаруу бийлиги азырынча токтом токуп, мурдагы көнүмүшүнөн кутула албай, күндөлүк кагаз иштерге көмүлүп жатканы өкмөттүк жыйында да айтылды. Өкмөт мүчөлөрү жарым жылдын жыйынтыгы менен кыш камылгасына кантип киришери 31-июлда дагы бир ирет талкууланмакчы. Өкмөттүн жаңы токтомун даярдоого президенттик акимчилик да кошулуп даярдашы керектигин президент К.Бакиев акимчилик жетекчисине тапшырды.

XS
SM
MD
LG