Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

БОЛГАРИЯ МЕНЕН РУМЫНИЯ КОРРУПЦИЯНЫ ООЗДУКТАЙ АЛБАЙ ЖАТАТ


Кубат Чекиров, Прага Европалык Комиссия чыгарган бир катар баяндамаларда Биримдиктин жаңы мүчөлөрү Болгария менен Румыния коррупциянын бийик деңгээли үчүн сынга алынууда. Айрыкча Болгариядагы абал кейиштүү, чоң масштабдагы көз будамайлоолорго жол бергени жана кылмышкерлерди жоопко тарта албаганы үчүн бул өлкөгө Евробиримдик каржылык жардам көрсөтүүнү токтото турууну чечти.

Европалык комиссиянын баяндамаларынын ток этер жери - Болгария менен Румынияда талаптагыдай иштеген укуктук нормалардын жок экендигинде. Бирок комиссия Болгарияга гана санкция колдонууну чечкен. Анткени, бул өлкөдө Европалык Биримдик берип аткан миллиондогон жардамды коррупцияланган аткаминерлер менен уюшкан кылмыштуу топтор кымырып ала турган реалдуу коркунуч бар.

Европалык Комиссиянын өкүлү Йоханес Лайтенбергер Болгарияга 500 миллион евродон көп өлчөмдөгү жардамды берүүнү токтото туруу чечимин кабыл алууга ушундай себеп болгонун билдирди:

-Азыркы учурда Болгария айрым бир программалар боюнча кыйынчылыкты баштан өткөрүп жатат, ошондуктан алар нормалдуу каржылык башкаруу структуралары натыйжалуу иштей ала турганын көргөзүшү керек. Биз бул жерде салык төлөөчүлөрдүн акчасы жөнүндө айтып жатабыз,-дейт Йоханес Лайтенбергер.

Румынияда кырдаал бир аз жакшыраак, бул жакта проблема ошол эле коррупция, бирок Болгариядагыдай өкмөт структураларын чырмаган уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бирок комиссия өкүлү Лайтенбергендин айтымында, Румынияда дагы укуктук нормалар талаптагыдай иштеп кете албай жатат.

-Жалпысынан алганда Румыниядагы кырдаал – аралаш көрүнөт. Коррупция менен күрөшүү системасынын фундаменталдуу элементтери ордунда турат, бирок бекем эмес, ошондой эле ашынган чекке жеткен коррупция жөнүндөгү чечимдер көбүрөөк саясатташкан маселе да болуп жаткансыйт. Румыниянын негизги мекемелери менен уюмдарында өзгөрүп жаңылануу али талапка шайкеш эмес. Сот реформасында айрым бир ийгиликтүү жылыштар болуп жаткан менен ашынган коррупцияны тизгиндөө үчүн жоопкерчилик менен жазалоо чараларын күчөтүү керек,- деди Лайтенбергер.

Европалык Комиссия Болгария менен Румыниядагы кырдаалды эмдиги жылы кайрадан талдоого алып көрөт. Комиссияда Евробиримдикке аталган эки өлкөнү мүчөлүккө эртелеп кабыл алуу жаңылыштык болгону жөнүндө да ой-пикирлер айтылып, бирок ал колдоого алынган эмес.

Лайтенбергердин жүйөөсүндө аталган эки өлкөнүн Биримдикке эртелеп кабыл алынганы бардык тарапка тең эле пайда алып келди. Биримдикти кеңейтүү жөнүндө чечим кабыл алынганда комиссия айрым бир проблемалар калып атканын билген, бирок ал проблемаларга жаңы мүчөлөрдү кабыл алгандан кийин кайрылуу туура болот деген жүйөөгө ынаган.

Бирок мындай көз карашка Европарламенттин Элдик Партия фракциясы кошулбайт. Биримдиктеги бул эң чоң саясий уюм Болгария Биримдиктин алдында милдеттенмелерин аткарууга таптакыр даяр эмес болчу деген билдирүү менен чыкты.

Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин мурдагы башчысы Елмар Брок дагы Европалык Биримдикке киргенден тартып эле Болгария менен Румынияда иш оңолмок тургай тескери жагына кетти деп баса белгиледи.

Болгария менен Румыния Европалык Биримдикке 2007-жылы 1-январда кабыл алынган. Дал ошол учурда бул өлкөлөргө сот реформасы, коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында алдыга жылуу үчүн бир катар талаптар коюлган.

XS
SM
MD
LG