Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

14:20 Кыргыз-тажик чегара тилкесиндеги бир талаштуу аймак боюнча тараптар келишимге жетишти


Мындай келишимге тараптарТажикстандын Исфара шаарында маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын кечээ аяктаган сегизинчи отурумунда жетишкенин “Азаттыкка” Баткен облустук акимчилигинен кабарлашты. Ош-Исфана жолунунун тажик айылдарына кирбей өтүүчү бөлүгүндөгү 275 метр аралыгы тактала элек аймакка туш келгендиктен бул жолду куруу маселесине тоскоол болуп келген эле. Тараптар дал ушул аймак боюнча бир пикирге келишип, кыргыз тарап эми бул жолду сала турган болду. Бирок бул аймакка салынган эки тажик жаранынын үйү башка жакка көчүрүлүп, кыргыз тарап аларга мыйзам чегинде чыгымын төлөп берет. Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бул отуруму 25-26-июль күндөрү өтүп, анын кыргыз тарабын унаа жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов жетектеди.(SM)

XS
SM
MD
LG