Биринчи май райондук соту аталган гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобековага козголгон иш боюнча ишти карап баштады. Сот жараянынын башында башкы редактордун адвокаты Нина Зотова бул иштин козголушуна себеп болгон Замира Молдоева аттуу ысым ойдон чыгарылган эмес, бар адам экенин айтып, аны издеп табуу зарылдыгын белгилөө менен ишти кайра тергөөгө жиберүүнү суранды. Мамлекеттик айыптоочу болсо мындай сунушка каршы болуп, Замира Молдоевага байланышкан иш өзүнчө каралышы керектигин белгиледи. Сот болсо мындай сунуштардан соң кеңешүү үчүн ишке убактылуу тыныгуу жарыялады.(SM)