Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

18:07 “Жаңы Кыргызстан” партиясында Коррупцияга каршы күрөшүү коомдук комиссиясы уюшулду


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Оштогу штаб башчысы Манас Эргешовдун айтышынча, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча коомдук комиссия абитуриенттердин жана алардын ата-энелеринин бир нече жолку кайрылууларынан кийин уюшулду. Курамы жергиликтүү абройлуу депутаттардан, бей өкмөт уюмдардын жана ММКларынын өкүлдөрүнөн турат. Комиссия алгачкы ишин Ош медициналык окуу жайындагы кабыл алуу экзамендеринин жүрүшүн көзөмөлдөөдөн баштамакчы. Оштогу орто окуу жайлар бирикмесинин төрагасы Акматбек Караев ар кандай коомдук комиссиялары менен иштешүүгө даяр экендигин туйдуруп, бирок алар кабыл алуу экзамендеринин ишине түздөн-түз кийлигишүүгө акысы жоктугун белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG