Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Таиланддын соту орусиялык жаранды АКШга өткөрүп берүү маселесин кароону кийинкиге калтырды


Сот бүгүн Орусиянын Виктор Бут ысымдуу жаранын Кошмо Штаттарга өткөрүп берүү маселесин кароону баштап, бирок айыпкердин жаңы адвокаты келбей калганына байланыштуу сот жараянын кийинкиге жылдырды. "Өлүмдүн соодагери" деген аткан конгон Виктор Бут дүйнөнүн жаңжаалдар чыккан райондоруна, анын ичинде Колумбиядагы ФАРК козголоңчул тобун миллиондогон доллардык курал-жарак менен камсыздап келген деп шектелип жатат. Кошмо Штаттар анын террорчулук менен байланышкан төрт кылмышы үчүн айыптоодо. Виктор Бут Таиланддын башкааласы Бангкокто быйыл мартта кармалган. Бүгүн сот залына аны түрмөнүн кийиминде жана буттарын кишендеп алып келишти.

XS
SM
MD
LG