Бул тууралуу аталган парламенттин мүчөсү Жолдош Орозов “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда оппозиция азыр тарап да, тынып да калган жери жок, тескерисинче саясий күчтөр биригип, жер-жерлерде эл менен иштеп жатышат. Бийлик эл ишениминен чыкты, Коомдук парламент бийликке үмүт артуу кыйынга туруп калганын билдирет, дейт Жолдош Орозов. (ZKo)