Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

12:09 Кыргыз мигранттары тууралуу Түркияда документалдуу фильм тартылды


Фильмди Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулдугунун көмөгү менен жаштардын “Голден гоал” аттуу коомдук бирикмеси тартты. Анда Кыргызстандан жумуш издеп барып, ниети бузук кожоюндарга туш келип, акчасыз жана документсиз калган жарандардын, ири шаарлардагы сойкуканаларда иштөөгө мажбур болгон кыздардын тагдырлары жана визасы, жумуш боюнча келишими жок укугу басмырланган адамдардын көйгөйлөрү тууралуу сөз болду. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандан Түркияга ай сайын эки-эки жарым миң адам барып, Анталия, Измир, Стамбул, Анкара сыяктуу ири шаарларда жалданып иштөөгө мажбур болушат.(BD)

XS
SM
MD
LG