Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

15:00 Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу 30 пайызга кыскартылды


“Түндүкэлектро” акционердик коомунун электрэнергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Галина Демченконун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, ишкананын мындай буйругу 28-июлдан тарта ишке кирди. Ага ылайык электр энергиясын пайдаланууну 30 пайызга кыскартуу эмдиги жылдын 1-апрелине чейин уланат жана ар бир облус, район, шаарлар электр энергиясын пайдалануу боюнча өкмөт мурда белгилеген ченемден ашпоого тийиш. Ал үчүн мекемелер менен тургундар электр жылыткычтарын пайдаланууну эмитен токтотуп, имараттар менен үйлөрдү жылуулоосу зарыл. Өкмөт белгилеген ченемден аша кеткен тараптардын жарыгы дароо өчүрүлөт. Мындай ченем Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн талапка жараша толтуруу үчүн чектелди.(BD)

XS
SM
MD
LG