Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

18:24 Атайын комиссия Таластагы мектептердин даярдыгын карата текшерип жүрүшөт


Бул комиссия мектептердин ремонт иштеринен тышкары кышында көмүр менен жылытууга ылайыкташ үчүн канча каражат керек тууралуу да маалымат топтошууда. Талас облусу боюнча онго жакын жетпеген пайыз мектептерин кышында көмүр менен жылытууга болот, калган мектептердин жылытуу мештери толугу менен тонолуп талкаланып калган. Талас шаарындагы №1 бала бакчанын жетекчиси Майрам Шеркулова бир учурда анын жетекчилиги мешти бузуп электр кубатуулугуна өт дегенине карабастан, ушул тапка чейин жалаң меш менен жылытып келгенине сүйүнөт. Азырынча отун менен жылытуу үчүн Талас облусуна канча каражат керек тууралуу так маалымат жок. Жогоруда айтылган комиссия кечээ Манас, Карабуура райондорун кыдырышса, бүгүн алар Бакайата, Талас райондорун кыдырып, эртең Талас шаарындагы мектептерди текшерүү менен иштерин аякташат. (UA)

XS
SM
MD
LG