Фергана областтык аскер командачысы, генерал-майор М. Д. Скобелевдин Алай чапкыны туурасындагы рапортунда, козголоңчулардын Кызыларт аркылуу Каракөлгө качканы туурасында маалымат алынгандыгы кабарланат. Генерал-майор М. Д. Скобелев аларга камынтпай сокку уруу максатында капитан Боголюбов баштаган орус аскерлери менен Шабдан баатырды отуз жигити кошо Каракөлгө 1876-жылдын 30-июлунда аттандырган. Ушул эле күнү кечки саат он чамасында подполковник, князь Виттенштейн жетектеген атчандар дивизионун орус аскерлерине жардамга жөнөткөн.
Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдиги 1929-жылдын 30-июлунда борбор калаанын Советская көчөсүнүн түндүк бөлүгүндө орун алган саздак жерден торфтун катмарын ачканын билдирди. Жергиликтүү чарбакерлер катмарда 600 миң рублдик торф бар деп жар салып, аны каалаган ардамдарга ижарага берүүгө даяр экендигин кабарлашты.
Борбор шаардын Каражыгач паркында орун алган Комсомол көлү 1939-жылдын 30-июль күнү салтанат менен ачылды. Жүздөгөн шаардыктар жана чет жакадан келген коноктор жай сартанында салкын сууга кирип, сергүү мүмкүнчүлүгүнө жетишишти. Анткен менен жасалма көлдө пляж, секирчү тепкич, чатыр сыяктуу эсалуу каржаттары салынбагандыктан, шаардыктар болгонуна каниет кылып кетишти.
Кыргыз ССР элдик комиссарлар кеңеши менен Кыргызстан КП (б) Борбордук комитетинин «Кант-Рыбачье багытында темир жол куруу» туурасындагы токтому 1939-жылдын 30-июлунда жарык көрдү. Темир жол курулушуна 150 коммунист менен 3 миң комсомолду мобилизациялоо каралган. Курулуш ишине Кыргыз ССР ички иштер элдик комиссары Абушенко да эркинен ажыратылган адамдар менен жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.
Коммунисттик партиянын 1937-жылдын феврлаь-март айында өткөн пленумунан кийин кыргыз калкына каршы моралдык террор башталган. Пратиялык маалымдоо каражаттарында «Абдрахмановщина», Джанузаковщина», «Худайкуловщина» сыяктуу макалалар жарык көрүп, аты аталган жолдоштор камакка алынып, алар менен байланыштагы адамдар куугунтукталып атты. Аталган каралоо ишинин уландысы катары Е Султанбекованын ушул жылдын 30-июлунда жарык көргөн «Контрреволюционный национализм в литературе Киргизии» аттуу макаласын атасак болот. Макалада кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнө каршы сын айтылып, алардын чыгармачылыгна көө сүртүлгөн.
Бу күнү, 1946-жылы акын Роза Карагулова жарык дүйнөгө келген.