Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫК ОЛИМПИАДАЧЫЛАРГА АК ЖОЛ КААЛАДЫ


Дүйнөлүк коомчулук күткөн Бээжин олимпиадасынын оту 8-августта жанат. Дүйнөнүн эки жүздөн ашык мамлекеттери олимпиадага кызуу даярдык көрүп жатышат. Олимпиадага Кыргызстандан 20 спортчу гана катышмакчы. Президент Курманбек Бакиев 29-июлда Ала-Арча резиденциясында сапарга чыгаар алдында спортчулар менен жолугушту.



Атланта олимпиадасынан бери өлкөнүн спортчулар менен президенттин жолугушуусу салтка айланган. Бээжинге аттанаар алдындагы баарлашууда президент Курманбек Бакиев олимпиаданын тарыхынан кеп салып, олимпиада кыймылы дүйнөнү кучагына алуу менен тынчтыктын, достуктун символу болуп калганын белгилеп мындай деди:

- Эми Бээжинде сиздердин араңыздардан олимпиадалык бийиктикти багындырып, өлкөнү таанытуучулар чыгаарына ишенип турам. Себеби Кыргызстандык спортчулардан совет доорунда 9 жолу олимпиадалык алтын байгени жеңип алышкан. Үлгү алуучу спортчуларыбыз арбын. Ушул саамалыкты быйылкы олимпиадачылар кайталайт деген үмүт бар.




Президент К.Бакиев мамлекеттин туусун Бээжинге алып баруу үчүн дзю-до күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, олимпиаданын катышуучусу Талант Жанагуловго тапшырды.

Өлкөнүн намысын Бээжинде коргоочу спортчулардын атынан балбан Талант Жанагулов сөз сүйлөп, олимпиадачыларга машыгууларга каражат бөлгөнү жана шарт түзгөнү үчүн президентке ыраазычылык билдирип, байгелүү орундарды алууга аракет кылышаарын айтты.

Жолугушууда 20 олимпиадачынын устаттардын атынан оор атлетика боюнча Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев сөз сүйлөп, өлкөнүн намысын коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүү керектигин белгиледи.

Кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Азиянын чемпиону Канатбек Бегалиев Бээжин олимпиадасына жакшы даярдык көрүп, табында экенин “Азаттыкка” билдирди.

Жолугушуунун акырында президент Курманбек Бакиев олимпиадачыларга ак жол, ийгилик каалап, жеңүүчүлөргө алтын медаль үчүн 150 миң доллар, күмүш байгеге 100 миң жана коло медаль үчүн 75 миң долларлык байге берилээрин айтып, олимпиадачылар менен чогуу эстелик сүрөткө түштү.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, эгемендүү өлкө болгону Атланта олимпиадасынан бери Кыргызстан өз алдынча команда катары катышканы менен Сиднейдеги олимпиадалык оюнда алгачкы коло байгесинен башка ийгиликтерди жарата элек.

- Ар бир олимпиадага салтанаттуу узатуу болуп, миңдеген долларлык сыйлыктар белгиленгени менен Кыргызстанды таанытып, мөрөй алган спортчулар чыга элек. Спорт тармагындагы ырааттуу саясат, каржылоо жоктугунан жылдан жылга спортчулардын чеберчилигинин деңгээли төмөндөп баратат,- дейт Канат Аманкулов.

Кыргызстандык олимпиадачылардын жоон тобу Бээжинге 5-6-августта аттанып кетишет. Президент Курманбек Бакиев дагы Бээжин олимпиадасынын ачылыш салтанатына катышуу үчүн 7-августта Кытай Эл республикасына барат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG