Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

А.АРТЫКОВ: КРЕДИТТИ “ЖЕП” КЕТКЕН ЖЕТЕКЧИЛЕР ЖҮРҮШӨТ


Кечээ өкмөт башчы катышкан кредиттик куржунга байланыштуу иш чара өтүп, анда эл аралык уюмдардан Кыргызстанга келген кредиттердин пайдаланышы талкууланды. Бул маселеге экс-губернатор, коомдук ишмер Анвар Артыков «Азаттыкка» көзкарашын билдирди.

- Анвар мырза, Кыргызстанга Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Немис өнүгүү банкы жана Ислам өнүгүү банктары тарабынан бөлүнгөн жалпысынан 1,8 млрд доллар каражат 2005-жылы март окуясына чейин натыйжасыз пайдаланылган делип сынга алынып келди эле. Ал эми өкмөт башчы Игор Чудиновдун катышуусунда өткөн кредиттик куржундардын пайдалынышына байланышкан жыйында донор уюмдар менен кызматташуу жакшырганын белгиледи. Негизинен кредиттер натыйжалуу пайдаланып атабы?

- Азыр сырттан келген кредиттер 2 млрд. долларга жакын деп атабыз. Бул карыздар Кыргызстанды сазга батырып бүттү. Бирок бул кредиттер кайда кетти, кандай пайда алып келди деген суроого азыркы бийлик деле үч жылдан бери ачык, так жооп бере элек. Кредиттик куржун дегенден кийин, бул эми кайсы жумушка, канча кредит алабыз?-деген сөз. Эми кредит эмне үчүн келип жатканы тууралуу, аны алууда ачык-айкындык жок. Муну элдин баары эле жакшы түшүнө бербейт. Негизинен пайызы жок делип келип жаткан кредиттерди айтып коеюн. Бул 30-40 пайыз менен Кыргызстандын мойнуна келип түшүп жатат. Себеби дегенде, бул кредиттердин составында техникалык жардам деп коет. Ошол эл аралык донорлордун эксперттери келип алып, өздөрү берген кредиттин эсебинен 20-30 миң доллардан айлык алышып, ар кандай мыйзам долбоорлорун, ар кандай рекомендацияларды жазышып акчаны алып кетип калышат. Кыргызстанда көзгө көрүнө турган бир нерсе жазылбайт. Мынакей жөнөкөй турмуштан эле көрүп атпайбызбы, канчалаган кишилер кредит алам дешип, карыз алышып бизде экономикалык абал оор болгондон киийн кредит ала алышпай карызга батып атышат. Жок дегенде карапайым элди кредит менен камсыз кылуу саясатын жакшылап жүргүзүш керек эле.

- Анвар мырза Жалал-Абатта Гималай суу чыгаруучу завод дагы 30 млн. доллардан ашык каражатка курулса керек эле. Анан Австралиядан алынган кочкорлор, айыл-чарбасын реформалоо сыяктуу чет элдик кредиттер сууга сиңген суудай болуп жок болду деген коомчулукта кеп болгонун жакшы билсеңиз керек. Деги эле кредиттин натыйжасыз падаланышына тиешелүү министрликтеги жетекчилер жооп бериши керекпи деген суроо туулат?

- Ошол кредиттерди иштеткен кишилер Жалал-Адаттагы заводду, Жибек-Жолу деген долбоор боюнча жана бшка долбоорлорду иштеткен кредит боюнча эч кимиси жооп берген жок. Ошону “жеп” кеткен кишилер азыр Кыргызстанда тирүү жүрүшөт. Көптөрү азыр деле жооптуу кызматтарда отурушат.Бирок буга эч ким жооп бербейт. Мамлекет кредит алганда, бул кредитти мамлекеттик оргндар, министрликтер башкарат да. Булар кайтарууга мөөнөтү келгенде министр жооп бербейт, мамлекеттин мойнунда карыз болуп кала берет. Бирок жоопкерчилик жеке бир кишинин мойнуна түшпөйт. Ошондуктан бул кредиттер “без ответсвенный” деп койсок болот. Анан эл аралык донорлордун кредит берүүдө дагы башка максаты бар. Мына бизде экономикалык көз карандысыздык жок десек эч адашпайбыз. Себеп дегенде эл аралык донорлор бизге кредит бергенде ар кандай шарттарды коет. Мына, “Телекомду” сатасың, энергтиканы сатасың, жылуу сууга бааны көтөрөсүң, электр кубаттуулугуун тарифин жогорулатасың деп шарттарды коюшат. Анан карыз болуп калгандан кийин, алардын айткандарын аткарат. Мамлекеттин, өкмөттүн өзүнүн бул жөнүндө саясат алып барганына мүмкүнчүлүгү жок болуп калат. Карыз берген кишилер Кыргызстанда экономиканы башкарып калды. Дагы бир жагы өлкөдө кадрлык туруктуулук жок. Мына үч жылда премьер-министрдин төртөө алмашты, алты ай сайын губернаторлор алмашат. Алты ай,бир жылда министр алмашат. Анан ким баштап, ким аягына чыккан. Ким алып, ким иштеткен. Бул маселе боюнча баш аягын таппай калдык. Ошондуктан бул карыздар мамлекеттин мойнунда тура берет. Бул элдин башына түшкөн бир көйгөй. Муну чече турган бир орган жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG