Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

“АЛАЙЫН ДЕСЕҢ КӨМҮР КЫМБАТ, АЛБАЙЫН ДЕСЕҢ ӨМҮР КЫМБАТ” ЗАМАН КЕЛДИБИ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

Кыргызстан энергетикалык жана азык-түлүк кризисинин кырында турганын, бул коркунучту өлкө президенти да сезип жатканын, ошол эле учурда оппозиция күзүндө социалдык-саясый туруксуздук болушу мүмкүн экендигин айтып, бийликти тез аранын ичинде антикризисттик чараларды көрүүгө чакырып жатканын кабарлаган “Аки-пресс” маалымат агенттиги, эки күндөн кийин Энергетика министрлигинин Кыргызстан боюнча электрэнергиясына кайрадан чектөө киргизип, жарыкты өчүрө баштайбыз деген демилгесин президент К. Бакиев колдоп жатат деп билдирди. Министр С. Балкыбековдун айтымында июль айынын ичинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү керектүү нормага жеткен жок. Демек декабрь айына чейин 12 млрд. Кубометр суу толтуруу планын аткаруу мүмкүн эмес.

Ошол эле убакта азык-түлүк кризиси да жакыр өлкөнү алка-жакадан ала баштады. Өкмөттүн өз эсеби боюнча жыл аягына чейин инфляция көлөмү 29 пайызга жетет. Айрым атка минерлер азык-түлүк кризисинен Кыргызстандын калкы чочулабай деле койсо болот деп эскертишкени менен саясатчылар кышында Кыргызстан кыйынчылыктын кыр чокусуна барып такалаарын, маселен СДП лидери А. Атамбаев өткөндөгү өкмөт жетишкен мүмкүнчүлүктөрдү бул өкмөт талаага чачып жок кылганын, өлкө келаткан кризиске даяр эместигин билдирсе, дагы бир коомдук-саясый “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидерлери Т. Усубалиев, А. Муралиев, Н. Касиев, О. Ибраимов ушул баштан тартып кечиктиргис проблемаларды чечүү максатында ачык диалог, пикир алмашуулар менен олуттуу кызматаштыктын зарылдыгын айтышууда. “Ата Мекен” партия лидери Ө. Текебаев, күзүндө тополоң болор-болбосу бийликтин кризиске каршы конкреттүү жасай турган ишине байланыштуу болот деп айтты..

Жайкы эс алуудан кийин кайрадан иштей баштаган “24.kg” маалымат агенттиги чегараларга караштуу кызматташтык Ассоциасын стратегиялык жактан пландоо кызматынын жетекчиси, белгилүү орус эксперти Александр Собяниндин “2008-жылдын күзүндө Кыргызстанда “мандалак ревлюциясы” кайрадан кайталанышы мүмкүн” деп айтканына шилтеме кылды. Орусия экспертинин байкоосунда АКШ тарабынан Кыргызстанга аскердик-саясый кысым жасалышы ыктымал, ошого байланыштуу Орусия Кыргызстан менен Тажикстанда бийликтин күч менен аламшып кетпеси үчүн бул мамлекеттердин ички саясый турмушуна экономикалык интгерация алкагынын чегинде өзгөчө көңүл буруусу керек.

“Gаzеtа.kg” маалымат булагы президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы боюнча 2011-жылга өлкөнүн жалпы билим берүүчү бардык мектептери көмүр менен жылытууга өтөрүн министр И. Болжурова билдиргенин, ал эми алдыдагы кышта 13 жетим балдар үйү менен мектеп-интернаттардан башка мектептер жана жогорку окуу жайларына электрэнергиясы берилбей турганын, буга чейин электржылуулугу менен жылытылып келген мектептер кышында бир ай жайкы каникулдун эсебинен эс алууга тарарын, ошентип өлкөнүн 308 мектеби илгеркидей кайрадан көмүр жакканга өтөрүн, мындай мектептердин көбү айыл-кыштактарда жайгашканын, Бишкекте көмүр менен жылытууга быйыл 4 мектеп өтөрун маалымдады.

Ушу тапта республика боюнча 2111 мектептин 1117си электрэнергиясы, 677си электр жылыткычтары, 440ы электрказандары менен жылытылат.

Ош дубанынын мектептеринин бир бөлүгү көмүр менен жылытууга өткөрүлөт. Бишкекетин 90 мектебинин 43ү кышкы суукта бир ай каникулга тарайт.

Билим берүү жана илим министри И. Болжурова буга чейин алынып салынып, анысы жетишкендик катары айтылып жүргөн ата-энелерден мектептерге акча жыйноону кайрадан киргизүү керек деп айканын да кабарлады.

“Борбор Азия.Ру” маалымат агенттиги Казакстандын “Новое поколение” маалымат булагында жарыяланган Анна Шепелеванын Ысык-Көлгө эс алууга барып, кайтып келатып авария окуясына кайрадан токтолуп, эс алуучу жүргүнчүлөрдү ташый турган автобустарга туристтик фирмалар эч кандай көңүл бурбай тургандыгын, кокус жол узундугу 8 сааттан жогору болсо бир автобуска экиден айдоочу керектиги алар тарабынан такыр унутта калганын, анын үстүнө ошол каргашалуу автобустун айдоочусу жүргүнчүлөрдөн тышкары жүк салган жерине жер-жемиштерди толтура шыкап алып, “Алтын ордо” дүң базарына тапшырганга үлгүрүп калыш үчүн жанталашып, саатына 150 километр ылдамдык менен айдап баратканын, анын кесепети 10 кишинин өлүмүнө, отуздан ашуун кигшинин ар кандай деңгээлде жаракат алышына алып келгенин жазып, Кыргызстандын пансионаттары быйыл жалаң эле жылдыз тагынып, люкс, жарым люкска айланганы менен шарты начарлыгын, суткасына 100 доллардан талап кылган бөлмөнү алтургай жууп-тазалап турганга жарабаганын, ошол эле убакта Түркияда эс алган жатакана акысы, даамдуу тамак-ашы, шоу-программасы экскурсиясы менен 40 гана доллар турарын, ал эми Ысык-Көлдү кыргыз ашмалтайына айланткандарына карабастан эс алуу сезонун казактар гана толтуруп келатканын, кокус казактар эки жумага эле бойкот жарыяласа кыргыздардын куучирен текбердигинин изи да да калбай жок болорун баяндады.
XS
SM
MD
LG