Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

С.БАКТЫГУЛОВ: ЖАҢЫ КОМПОЗИТОРЛОРДУН ДҮБҮРТҮ ЖОК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романы боюнча маркум режиссер Алмаз Сарлыкбековдун спектаклине жазган пролог, эпилогу менен 4 бөлүмдүү чыгармасы 1990-жылдары Санкт-Петербургдан радиодон уктурулуп, орус музыка изилдөөчүлөрү тарабынан абдан мыкты чыгарма катары бааланган. Композитордун андан кийинки аралыкта жазган симфониялык чыгармалары тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы анын өзүнө суроо салган.

- Сталбек мырза, учурунда заманыбыздын залакары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган спектаклдерге музыка жазып, андан башка симфониялык чыгармаларыңыз угармандардын кызыгуусун жараткан. Кийинки учурда симфониялык чыгармаларыңыздын аткарылбай калышынын себеби эмнеде? Музыка жазбай калдыңызбы?

- Мен чыгармачыл адам, композитор болгондон кийин айрыкча таалим-тарбиядан улам болот экен, искусство институтунун композитор, симфонист Таштан Эгмантовдун классынан бүткөм. Ошол таалим-тарбия канымда сакталып калган окшойт, симфониялык музыкасыз мен жашай албайм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эки жыл мурда эле Америкадан Чарльз Алзбахер деген таланттуу дирижер келип, менин экинчи симфониямды аткарып кетти. Бул дагы менин чыгармачылыгымда чоң жаңылыктардын бири болду. Быйылкы жыл менимче айрыкча Кыргыз Республикасы, кыргыз эли үчүн оор жылдардын бири болуп калды. Дүйнөлүк маданияттын пайгамбары катары эсептелген Чыңгыз абабыздан, режиссер Алмаз Сарлыкбековдон, кинорежиссер Дооронбек Садырбаевден, маэстро Асанкан Жумакматовдон айрылып калдык. Ушул төрт чоң инсандын чыгармачылыгы менен аз-маз байланышым бар. Өзүңүз белгилегендей 1988-жылы Чыңгыз Айтматовдун 60-жылдыгына карата өткөн Бүткүл дүйнөлүк театр фестивалында, Нарын драма театрына жана Ысык-Көл драма театрына “Кыямат” романы боюнча өзүнчө эки башка музыка жазганга аракеттендим эле. Анан ошол драмалык спектаклдердин тагдыры ушундай болот экен, ошол учурдагы даталуу күндөргө байланыштуу болуп, анан эле репертуардан чыгып калат экен.

- Бүгүн музыка жазып атасызбы. Эки жыл мурда америкалык дирижер аткарып кетиптир. Бүгүнкү күндө сиздин чыгармаларыңыз симфониялык оркестрдерде ойнолуп атабы?

- Симфониялык оркестрлерге мен бир нече жолу кайрылып, байкадым. Композиторлор союзу менен КТРдеги академиялык симфониялык оркестрдин ортосунда чыгармачыл карым-катнаш жок окшойт. Замандын шарапатына шылтоолошуп же коммерцияга өтүп алганбы, ушул нерсени кескинирээк, же оройураак сүйлөп койгондон тартынып турам, ал кухняны жакшы билбейм. Мен бир нече жолу кайрылып көрдүм. Симфониялык концерттен кийин кудайдын жардамы менен илхамга ээ болуп, жаңы 4 симфониялык миниатюраларды жазгам. Ошону фондуга жаздырып алайын деп канча аракеттендим, бирок азырынча жыйынтыгы жок болуп атат.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаш композиторлордун дүбүртү угулбайт.

- Бул кыргыз музыкалык маданиятына чоң трагедия. Анын келечеги барбы, жокпу деген чоң суроо туулат. Албетте мен композитор катары кайдыгер карай албайм. Бирок маданият министрлигине окшогон, түздөн-түз кыргыз музыкалык маданиятына иштеп, эртеңки келечегин ойлоп жаткан адамдарга тикеден-тике бериле турган суроолор. Мен кудайдан тилейм, мен күйөрман катары жан дилимден күйүп-бышып, ага мен кайдыгер карай албайм. Чынында жаңы композиторлордун дүбүртү жок болуп атат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG