Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Т.АБДЫКАДЫРОВ: “ЖЕР ҮЙ” БОЮНЧА ЖОГОРКУ БИЙЛИК ЖООП БЕРБЕЙ ЖАТАТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Талас облусундагы “Жер үй” алтын кенинин айланасындагы талаш-тартыштуу окуялар тууралуу, алтын кен жайгашкан Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты Токтогул Абдыкадыров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттары 18-июлда “Жер үй” алтын комбинатынын бет ачарын экологиялык талаптарга жооп бербейт деп, жараксыз деп тапкан эле. Буга жергиликтүү элдин каршы болуш себеби эмнеде?

- Ушул жылдын 18-июлунда Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 300гө жакын адамдын катышуусу менен жалпы элдик жыйын болгон. Ал жыйында каралуучу маселе “Жер үй алтындын” теосунун алгачкы бет ачары. Ал жерде чыгып сүйлөгөн 15-20 чакты кишинин басымдуу көпчүлүгү хвостохранилище менен завод курула турган жерди туура эмес жерге куруп аткандыктан, толугу менен 100 пайыз каршы чыгышкан. Ошол элдин топтолуусунун негизинде Бекмолдо айылдык кеңешинин чечимине 13 депутат кол коюп, эки депутат жүйөлү себептер менен катышпай калган, жалпы элдин өкүлдөрү менен бирдикте өткөрүлгөн сессияда чечим кабыл алынган. Ал чечимде элдик чогулуштагы токтомдун негизин негиз кылып алып туруп, экологиялык талаптарга жооп бербегендиктен презентация толугу менен жараксыз деп табылсын деп 13 депутат кол коюп, чечим кабыл алганбыз.

- Уу калдыктарын сактоочу жайдын курулушуна каршы болуп атасыздар да, ал кайсы жерде курулган атат?

- Калдыктарды сактоочу жай булак чыгуучу 3500 метр бийиктиктеги Кашка-Суу деген жайлоодо болуп атат. Ал жерден булактар чыгат, жанында көл бар. Шлоссер мырзанын айтымында, ал жерде Кыргызстанда 10 миң жылдан бери алты баллга жетпеген жер титирөө болгон. 1992-жылы эле 7-8 балл жер титиребеди беле, андай коопсуздук илимий негизде эч негизделбегендиктен эл толугу менен каршы чыкты. Ушул маселени биздин маалыматты Кыргыз алтындын жетекчиси Жакыпов Алмаз Сейталиевичке тапшырма берди эле. Эмне себептен ушундай болуп атат десек, ал киши кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоонун ордуна, башкача жумуш менен ар кайсы шылтоо менен элге жолукпай жатат.

- Бул боюнча жергиликтүү бийликтенби же өкмөттөнбү бир реакция болдубу?

- Биз бул маселе боюнча премьер-министр Игорь Чудиновго, президентке чейин кайрылганбыз, Талас облундагы Акыйкатчынын өкүлүнө да кайрылганбыз. Губернатор, акимдер келип элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок эмнегедир жогорку бийлик тараптан, өзгөчө “Кыргыз алтын” тараптан эч кандай маани бербей жатышат.

- Эгерде тиешелүү жетекчилер, бийлик тарабынан эч кандай көңүл бурулбаса, Бекмолдо айылынын жергиликтүү тургундары кандай кадамдарга барышы мүмкүн?

- Булардын лицензиялык мөөнөтү 1-ноябрь 2008-жылы бүтөт. Ошого чейин белгилүү адамдар эл менен сүйлөшүп, тиешелүү кадамга барбаса, Бекмолдо айыл өкмөтү толугу менен “Жер үй” алтын комбинатын курабыз деген жерге каршы чыгып, ачык тендер менен өткөргөн компаниянын келүүсүнө даяр болот. Ошондой чечимге келип атышат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG