Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

18:00 Нарын облусундагы бир айыл өкмөтү электрондук өкмөт тармагына кирди


Нарын районундагы Четнур айыл өкмөтү облустагы эң алгачкы электрондук өкмөт тутумуна ээ болду. ББУнун өнүктүрүү программасынын демократиялык башкаруу программасынын долбоорунун негизинде Четнур айыл өкмөтүнүн алты компьютери интернет байланышына кошулду. Мындай маалымат Четнур айыл өкмөтүндө болуп өткөн облустук алкактагы семинарда айтылды. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын эксперти Канат Муканов, учурда өлкө боюнча жалпысы 9 айыл өкмөт электрондук өкмөт программасынын алкагында зоттук долбоорго киргендигин билдирди. Мыйзамдык базанын жоктугу, каржылык муктаждык, сандык ажырымдар электрондук өкмөттү өнүктүрүү негизги көйгөйлөрүнөн болуп саналууда дейт. (KUs)

XS
SM
MD
LG