Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

ШЕКЕРДЕ Ч.АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРИШЕТ


1-августта Таластын Шекер айлында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнүн 52 күндүгү белгиленет. Шекерде “Айтматов менен коштошуу” кинотасмасы көрсөтүлүп, чыгармалары көркөм окулуп, төкмө акындар ырдашат.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айлында Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнүн 52 күндүгүн белгилөө иш-чарасына мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, маданият министри Султан Раев жана бир топ маданият ишмерлери катышмакчы.

Аталган иш-чара тууралу анын уюштуруучулардын бири, “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Бакыт Карагулов буларды маалымдады:

- Шекерде жазуучу Абибилла Пазылов “Жаабарс” деген ат менен которгон Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынан көркөм окуу окуйт. Биз тасмага алган “Айтматов менен коштошуу же Тоолор кулаганда” кинотасмасынын бетачары болот. Ошондой эле төкмө акын Элмирбек Иманалиев “Айтматовдон айрылуу” кошогун кайрымакчы.

Жазуучу, “Кыргызмамкиноконцерндин” вице-президенти Абибилла Пазылов Чыңгыз Айтматовдун соңку романын “Жаабарс” деген аталыш менен которду. Котормо азырынча китеп болуп басыла элек. Бирок “Жаабарстын” котормосунан үзүндүлөр гезиттерге жарыяланып келатат.

Абибилла Пазылов Шекерде “Жаабарстан” көркөм окуганы жаткан эки бөлүмдөгү үзүндүгө токтолду:

- Мен шартка жараша 10-15 мүнөттүк эки бап даярдап алдым. Айрыкча романдагы Кайыпкыздын жомогу тууралу Арсен Саманчиндин Германияга бараткандагы сапарлашы - опералык ырчы Айдана Самаровага айтып берип жаткандагы үзүндүсүн жана Арсен Саманчин атышуудан жаракат алып Жаабарс менен бир үңкүрдө бу дүйнө менен кош айтышып жаткан жерин окусам деген оюм бар. Чыгармадагы так ушул жерлер Айтматовдун тагдырын, Айтматовдун элге, көркөм өнөргө болгон мамилесин айкындап турган жерлер.

Режиссер Бакыт Карагулов тасмага алган “Айтматовду жоктоо же Тоолор кулаганда” кинотасмасы сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтчү Эл аралык ЕвроАзия кинофестивалына чакыруу алды.

Бакыт Карагуловдун айтымында, кинофестивалдын жүрүшүндө атайын бир күн Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кинотасмаларга арналмакчы:

- Биз Астанада өтчү Эл аралык ЕвроАзия кинофестивалына чакыруу алдык. Кинофестивал Айтматовго атайын бир күндү арнамакчы болуп жатат. Ал күнү “Бороондуу бекет”, “Айлампа” жана “Айтматовду жоктоо же Тоолор кулаганда” кинотасмалары көрсөтүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG