Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Тукум курут саясатын жүзөгө ашырды деп айыпталып жаткан Радован Каражич бүгүн Нидерландыдагы Эл аралык кылмыш сотунун түрмөсүнө жеткирилди


Босниялык сербдердин мурдагы лидерин Белграддан Гаага сотуна өткөрүп берүү жөнүндө чечимге Сербиянын Адилет министри Снежана Малович кол койгон. Каражич 21-июлда Белградда Сербиянын коопсуздук кызматтары тарабынан кармалган. Ал геноцид жана башка согуш кылмыштарын жасаган деп айыпталууда. Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миң адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница чөлкөмүндө 1995-жылы 8 миң мусулманды сербдер массалык түрдө кырган. Прокурорлордун айтымында, ушул бейшембиде Каражич алгачкы жолу согуш трибуналынын отурумуна алынып келинмекчи. Ал ортодо кечээ кечинде Белградда Каражичтин таламын талашып митингге чыккан он миңдеген улутчулдардын өкүлдөрү менен полиция кагылышты. Ондогон демонстранттар полицияны көздөй таш жана бөтөлкөлөрдү ыргытып киришкенде, полиция аларга каршы жаш агызчу газ колдонду. Натыйжада кырктан ашык адам жаракат алды, алардын арасында полициячылар да бар.

XS
SM
MD
LG